00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:08
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
On air
14:08
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
18:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамытов: Stans Energy компаниясы туура эмес мүнөздөгү маалыматтарды берип жатат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЗолотоносный рудник Кумтор в Киргизии
Золотоносный рудник Кумтор в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызалтын" ААКтын 60% акциясынын камакка алынышы боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

БИШКЕК, 8-янв — Sputnik. Алтын казуучу канадалык "Центерра" компаниясындагы "Кыргызалтын" ААКтын 60% акциясынын камакка алынышы боюнча соттук териштирүү улантылууда. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Токон Мамытов билдирген.

Анын айтымында, соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан соттун чечими кандай болорун так айтуу кыйын.

"Соттун чечимин күтүп жатабыз. Жумшартып айтканда, алтын казуучу Stans Energy компаниясы туура эмес мүнөздөгү маалыматтарды берип жатат деп биз сотко тосмо арыз бердик. Тараптардын бардык доо арыздары эске алынып, соттук териштирүү жүрүп жатат", — деди Мамытов.

Архив: Кумтор - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн аягына чыгууну пландаштырууда
Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку соту 14-октябрда Stans Energy Corp тоо-кен компаниясынын талабы менен Centerra Gold Inc алтын өндүрүүчү компаниясындагы "Кыргызалтын" ААКына тиешелүү 47 миллион акцияны камакка алдырган. Соттун чечимине ылайык, Кыргызстанга жана "Кыргызалтынга" акцияларын сатууга, алмаштырууга тыюу салынды.

Кыргыз тарап Куттуу-Сай II сейрек кездешүүчү кенин иштетүү боюнча лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартууну жараксыз деп тапкан. Stans Energy компанияга келтирген 118,2 млн доллар чыгымды төлөп берсин деген москвалык соода-өнөр-жай палатасынын алдындагы арбитраждык соттун чечимин аткартуу үчүн Кыргызстандын акцияларын камакка алдырган.

2013-жылдын январында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2010-2011-жылдардагы лицензиялык милдеттенмелердин аткарылбагандыгы үчүн Kutesаy Mining менен келишимдин узартылгандыгы боюнча кылмыш ишин козгогон. Кийин иш Бишкектин райондор аралык сотуна жиберилген. 19-мартта райондор аралык сот Башкы прокуратуранын койгон айыптарын туура деп таап, келишимдин узартылышын мыйзамсыз деп өкүм чыгарган.

Өз кезегинде, Kutesаy Mining Башкы прокуратуранын коюп жаткан айыптарын жүйөөсүз деп атап, 2010-2011-жылдары форс-мажордук абалдан улам белгиленген иштердин толук көлөмүн аткара алган эмес. Себеби, бул жылы апрель окуясы болуп, өлкө президенти Курманбек Бакиев качып кеткенде мамлекеттик органдардын иштери үзгүлтүккө учураган. Kutesаy Mining ошондой эле, бардык тоо-кен компаниялары Мамгеологияагенттиги менен эки жылда эч кандай иштин планын макулдашпаганын жана отчеттор кабыл алынбаганын билдиришүүдө.

Stans Energy Corp компаниясы Kutesаy Miningди 2009-жылы кенди иштетүү боюнча эки лицензиясы менен 1 млн. долларга сатып алган. Кенди алар 2029-жылга чейин иштетишмек.

Жаңылыктар түрмөгү
0