Анда ар кандай азык-түлүк, айыл-чарба товарлары, сувенирлер, балаты кооздогон оюнчуктар жана фейерверктер сатылууда.
Жемиштер жана эт продукцияларын коңшу областтар да алып келишкен. Жарманке иштеп жаткан мезгилдин ичинде анда бир нече миң адам келип кеткен.

Шаардын борборунда Жаңы жылдык жарманке өзүнүн ишин улантууда.

Жаңы жылдык дасторкондун негизги жемиши— мандарин.

Жарманкеде балыктын көп түрлөрү сатыкка коюлду.

Ысык-Көлдүн алмасы.

Чочконун эти жана ышталган эт менен майлар.

Жарманкеге этти коңшу облустардан алып келишти.

Тоо балынын киллограммы 300 сом турат.

Бул жерден жаңы жылдык фейерверктерди да сатып алса болот.

Жарманкеде аба ырайы ачык жана жылуу болуп турат.

Жүзүм да дасторкондун негизи жемиши.

Көп түрдүү товарлар сатып алуучуларды суктандырды.

Сатып алуучуларга Жаңы жылга карата азык-түлүктөрдүн кенен ассортименти сунушталган.

Жаңы жылга болгон даярдык кызуу жүрүп жатат.