00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

The Guardian: 2015-жылы дүйнөлүк экономиканы кескин өзгөрүүлөр күтүп турат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАрхив: московская биржа
Архив: московская биржа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиянын The Guardian гезити 2015-жылы Россиядагы, Кытайдагы, АКШдагы жана Европа биримдигиндеги каржы-экономикалык жагдайлар, ошондой эле мунай рыногундагы баа саясаты дүйнөлүк экономиканын көтөрүлүшү үчүн башкы факторлор болот деп жазат.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Келерки (келээрки) жылы жалпы дүйнөлүк экономикада кескин өзгөрүүлөр болуп, 2015-жыл көпчүлүк өлкөлөргө каржы-экономикалык абалды жакшыртуу үмүтүн берет. Бирок учурдагы кыйынчылыктарга олуттуу таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон бир катар көйгөйлөр бар деп билдирет РИА Новости The Guardian гезитине таянуу менен.

Гезит чийки мунайзатынын баасындагы өзгөрүүлөр, Киев менен Москванын экономикалык көйгөйлөрү, Кытай экономикасынын өздүк абалы жана Америка экономикасынын начарлашы, ошондой эле Европа биримдигинин каатчылыкка каршы чаралары сыяктуу бир нече коопчулукту атайт.

Кара алтындын баасынын кескин төмөндөшү керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына оң таасир тийгизип жана компаниялардын чыгымдарын кыскартууда. Бирок, экинчи жагынан, мунайдын баасынын түшүп жатышы, серепчилердин пикири боюнча, Венесуэла менен Ирандын экономикасына сөзсүз таасир кылып, ошондой эле АКШнын да энергетика тармагына кедергисин тийгизе турган "насыялык кыйынчылыктарды" жаратышы мүмкүн деп айтылат макалада.

Россиянын каржылык бейкуттугу көп жагынан мунай рыногундагы баалардан көз каранды. Жана келерки жылы РФ экономикалык каатчылыкты көтөрө албай калса, анын кыйратуучу толкуну Кремлдин коңшуларына да, Европа биримдигинин мамлекеттерине да таасирин тийгизет деп белгилейт The Guardian.

2015-жылы дүйнөдө эң ири болуп эсептелген Кытайдын жана Американын экономикалары бир топ кызыгууну жаратат. Кетип бара жаткан жыл Кытай үчүн татаал болду. Пекин мөөнөтү өтүп кеткен насыяларга байланышкан кырдаалды оңдоо аракеттерин жүргүздү. Аталган насыялар "эмнеси болсо да өсүш керек" стартегиясына байланыштуу 2008-жылы алынган болчу. Эми келе жаткан 2015-жылда Кытайдын экономикасы жай өнүгө тургандыгы айкын. Башка мамлекеттердин КЭРге экспорттоолору төмөндөп, ал эми баа жагынан өтө төмөн кытай товарлары, мүмкүн, Европа аймагында да девляцияны жаратарын күтүшүбүз керек деп жазат басылма. 

Базалык үстөк пайызды көтөрүү жөнүндө Федералдык резервдик системанын күтүлүп жаткан чечими келерки жылы Вашингтон үчүн олуттуу маселелерден болот. Бүгүнкү күнү бул үстөк пайыз эң төмөнкү 0,25 жылдык пайыз деңгээлинде кармалып турат. Акыркы мезгилдерде дүйнөлүк экономикада болуп жаткан айрым жакшыруулар баары бир көрсөткүчтүн жогорулашына алып келери айкын. Жана үстөк пайызды көтөрүү жалпы кырдаалга кандай таасир кылары анык болмоюнча, инвесторлор акмалап күтүп туруу саясатын жүргүзөт, ал эми дүйнөлүк рынокто өйдө-ылдый жылыштар баары бир болот деп эсептейт The Guardian.

2015-жылы Европа аймагында белгилүү бир деңгээлде өзүнө ишенбестик болот деп болжолдонот. Кетип бара жаткан жылы Европа биримдиги экономикалык көрсөткүчтөрдүн ишеничтүү өсүшүнө жете албай, жана дефляция коркунучуна туруштук бере алган жок. Ал эми мындай маселелер Европа аймагында келерки жылы да пайда болот. Европанын борбордук банкынын акыркы кездерде чыгарган чечимдери көп сандагы кыйынчылыктардан, анын ичинде дефляциядан куткара турган "даба" боло алган жок. Гезиттин пикири боюнча, сандык жеңилдик ЕББнын жалгыз кубаттуу күчү болуп эсептелет. Мында борбордук банктар кайсы бир суммадагы акчаны экономикага инвестициялоо үчүн активдерди сатып алышат. Бүгүнкү күнгө чейин мындай чара Германия тараптын чектөөлөрүнө байланыштуу колдонулган эмес. Бирок 2015-жылы ЕББ сандык жеңилдиктерге барбай турган болсо, инвесторлордун арасында тынчсыздануулар жаралат.

Дүйнөнүн глобалдуу экономикасы эмки жылдын башында эле эки айрылыш жолго туш келет. Бир жол кара алтындын баасынын төмөндөшүнөн – бул керектөөчүлөргө пайда, жана АКШда каржылык өсүштүн аркасы менен тез арада жакшыртууга алып келет. Муну көптөгөн мамлекеттердин жетекчиликтери 2007-жылдын акырынан бери күтүп жатат. Экинчи жол болсо дүйнө экономикаларын артка карай чегинүүгө алып келет, себеби 2008-2009-жылдардагы каатчылык учурунда эле пайда болгон экономикалык курч маселелерди мындан ары да чечпей калтыруу мүмкүн эмес деп тыянактайт Британиянын The Guardian гезити.

Жаңылыктар түрмөгү
0