00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алмазбек Атамбаев Катардын Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев встретился с Эмиром Катара Шейхом Тамимом Бин Хамадом
Атамбаев встретился с Эмиром Катара Шейхом Тамимом Бин Хамадом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетине расмий сапарынын алкагында Катардын Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани, ири инвесторлор менен жолукту. Иш сапардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол коюлду.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетине расмий сапарынын алкагында Катардын Эмири Тамим Бин Хамад Аль Тани, ири инвесторлор менен жолугуп, кызматташуу боюнча жети документке кол коюлду. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Алмазбек Атамбаев менен Тамим Бин Хамад Аль Тани соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара иштешүүнү активдештирүү зарылчылыгын белгилешти.

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын кызматташуусу жаңы нукка чыгууда
Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин Катар Мамлекетине сапары кыргыз-катар өз ара иштешүүнүн бардык деңгээлдеринде байланыштарды кеңейтүүгө чоң дем жана эки тараптуу кызматташтыкты жаңы мазмун менен байытканга мүмкүнчүлүк берээрине ишеним билдиришти.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге кошулуусу өлкөгө Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн 200 миллиондук рыногуна тоскоолсуз кирүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ача тургандыгын айтты. Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргызстанда банк ишин жүргүзүү жана салык тармактарында эң либералдуу шарттар түзүлгөндүгүн баса белгиледи.

Тамим Бин Хамад Аль Тани Кыргызстан менен Катардын окшоштугун, ошондой эле кыргыз-катар кызматташтыгынын чоң дараметин белгиледи. Катардын Эмири КР президентинин биринчи сапары эки тараптуу мамилелердин жаңы этабын ачканына ишеним билдирди.

Тамим Бин Хамад Аль Тани жакын арада Кыргызстанга экономика тармагында кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө Катардан жумушчу топ бараарын маалымдады. Ал инфраструктура, айыл чарба жана туризм тармактарында катар тараптын кызыгуу жараткандыгын ырастады.

Мамлекет башчысынын дагы бир жемиштүү жолугушуусу — Катар инвестициялык башкармалыгынын аткаруучу директору Ахмад Мухаммад Аль Саед жана "Катар Холдинг" менен "Катар Дияр" компанияларынын жетекчилери менен болду. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев встретился с Эмиром Катара Шейхом Тамимом Бин Хамадом
Атамбаев встретился с Эмиром Катара Шейхом Тамимом Бин Хамадом - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев встретился с Эмиром Катара Шейхом Тамимом Бин Хамадом

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Катардын бизнес-түзүмдөрүнүн ортосундагы айыл чарба, энергетика жана өнөр жай чөйрөлөрүндө, ошондой эле транспорт жана логистика тармактарында долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуунун келечеги талкууланды.

Иш сапардын жыйынтыгында президент Алмазбек Атамбаев менен Эмир Тамим Бин Хамад Аль Танинин катышуусунда дипломатиялык жана атайын паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу, инвестицияларды колдоо жана коргоо, маданият, туризм, жаштар саясаты тармагында кызматташуу боюнча меморандум, келишимдерге кол коюлду. 

Шейшемби күнү президент Алмазбек Атамбаевдин Араб дүйнөсүнүн өлкөлөрүнө – Сауд Аравиясына, Бириккен Араб Эмираттарына, Катар мамлекетине болгон сапары аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0