07:56 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Президент Алмазбек Атамбаев встретился с Вице-президентом и Премьер-министром ОАЭ, Правителем Дубая Мухамед бин Рашид Аль Мактумом

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын кызматташуусу жаңы нукка чыгууда

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев.
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
20 0 0

Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти жана премьер-министри менен жолугуп, эмират тарап Кыргызстанга республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында жумушчу топ жибермей болду.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти жана премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Шейх Мухамед бин Рашид Аль Мактум менен жолугуп, жыйынтыгында эки тараптын өкмөттөрү бир нече макулдашууларга кол коюшту.

Президент Алмазбек Атамбаев встретился с Наследным Принцем Эль-Фуджайры Мухаммадом бин Хамад Аль Шарки
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана укук коргоо чөйрөлөрүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар кыргыз-эмират мамилелеринин тарыхындагы жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар экономиканын жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүгө дем берээрин белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев менен БАЭ вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Шейх Мухамед бин Рашид Аль Мактум жакын арада эки тараптуу экономикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти баштап, эмират тарап Кыргызстанга республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында жумушчу топту жиберет деп макулдашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Шейх Мухамед бин Рашид Аль Мактумду расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөттөрүнүн ортосунда экономика, инвестиция тартуу, аба коопсуздук, кылмышкерлерди берүү, кылмыш иштери боюнча өз ара жардамдашуу, байланышын түзүү боюнча сегиз макулдашууга кол коюлду. 

Тема боюнча

Президент Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарындагы иш сапары аяктады
Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары башталды
Белгилер:
Мухамед бин Рашид Аль Мактум, Алмазбек Атамбаев, Дубай, Бириккен Араб Эмираттары

ЭҢ МААНИЛҮҮ