00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги кандай — жогорку сапаттагы үрөндөрдүн тартыштыгы
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как вступить в наследство в Кыргызстане и не потерять квартиру: гайд от юриста
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкекте экология жана санитардык көзөмөл: эки айлыктын алкагында иштер
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенты, квоты и ЕАЭС: как устроено обучение кыргызстанцев на Урале в 2026 году
16:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Калькулятордон да ылдам эсеп чыгарган окуучу кыздар
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ближний Восток и цены на билеты: что будет с турсезоном в Кыргызстане
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оторбаев Россиянын Жогорку муфтийи менен диний теманы талкуулады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖоомарт Оторбаев Россиянын Жогорку муфтийи Талгат Таджуддин менен жолукту.
Жоомарт Оторбаев Россиянын Жогорку муфтийи Талгат Таджуддин менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоомарт Оторбаев Россиянын Жогорку муфтийи Талгат Таджуддин менен диний саясат жана тарбия маселесин талкуулады.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев шаршембиде Россиянын борбордук мусулмандар диний башкармалыгынын төрагасы, Россиянын Жогорку муфтийи Талгат Таджуддин менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат саясаты боюнча бөлүмүнөн билдиришти. 

Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев маектешине өлкөдө жакын арада Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга карата Диний тармактагы мамлекеттик саясат концепциясы кабыл алынгандыгын маалымдады.

"Концепцияда дин кармануу, динди саясатташтыруунун алдын алуу үчүн диний уюмдар ишкердүүлүгүнүн чегин белгилөө, диний негиздеги экстремисттик ишмердүүлүккө жол бербөөгө көңүл бурулган", — деп белгиледи Кыргыз өкмөтүнүн жетекчиси.

Талгат Таджуддин өлкөлөр ортосундагы маданий-руханий жана гуманитардык кызматташтык деңгээлдеги байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн айтты. 

"Заманбап шартта жалпы адамзаттык баалуулуктарды жана моралдык-этикалык ченемдердин сакталышы абдан актуалдуу мүнөзгө ээ болууда. Мында диндин ролу башкы орунда туруусу керек. Биз жаштарды сабырдуулукка, эмгекчилдикке, башкаларга күйүмдүү болууга тарбиялообуз зарыл", — деди Россиянын Жогорку муфтийи Талгат Таджуддин.

Оторбаев Москвада мунай баасын сүйлөшүүдө
Өкмөт башчы Россиянын борбордук мусулмандар диний башкармалыгынын төрагасына диний жааттагы тийиштүү мамлекеттик ведомстволор ортосундагы кызматташууну жана тажрыйба алмашууну жөнгө салуу жана Россия менен Кыргызстандын диний башкармалыктар аралык өз-ара иштешүүнү жандандыруу сунушун киргизди.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Россия жана Кыргызстандын эл аралык ислам баарлашуусу, жарандык ынтымакты жана тынчтыкты чыңдоо, экстремизм жана радикализмдин алдын алуу, жаштар менен агартуу жана тарбия иштерин жүргүзүү жаатында өз-ара аракеттешүүнү чыңдоо зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0