Чүй, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас областтарынын, о.э. Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү гуманитардык жардам үчүн акча каражаттарын бөлүп беришти.
Болжол менен алганда, ар бир облус 200 миңден 800 миң сомго чейин акча бөлүп берди. 5 миллиондой сом жумшалган гуманитардык жүктө курулуш материалдары, азык-түлүк, кийим, жылуу төшөк, таш көмүр бар. Алар жүк ташуучу он жети чоң автоунаага жүктөлүп, Ысык-Көлгө жөнөтүлдү. Ага кошумча өкмөт жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга 50 миллион сом бөлдү.

Кыргызстандын бардык аймактары Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам беришүүдө.

Талас облусу 400 миң сомдук гуманитардык жардам жөнөтүп жатат.

Болжол менен ар бир облус 200-800 миң сомдон бөлүп берди.

Жүктү жөнөтүүгө премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты.

Кыргыздын салтына жараша аксакалдар жүктүн жөнөшүнө бата беришти.

Гуманитардык жардам жүктөлгөн автоунаалар чак түштө жолго чыкты.