БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолундагы Талдык ашуусунда бузулуп калган автоунаасынын жанынан Кара-Суу районунун 52 жаштагы тургунунун сөөгү табылды. Өлүмдүн себептери азырынча белгисиз. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында кечки саат 21:45тер чамасында болгон. ӨКМнын Алай райондук бөлүмүнүн башчысы, улук лейтенант Исакуловдун берген маалыматы боюнча каза болгон жарандын денесин туугандары үйүнө алып кетишкен.