БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Чүй, Талас облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунда күндүз —5…-10 градус, түнкүсүн —10…-15 градуска чейин суук болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күндүз 0…-5 градус, түнкүсүн —3…-8 градус суук болот. Ал эми тоо этектеринде күндүз —8…-13 градус суук болсо, түнкүсүн —12…-17 градус суук болот.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында күндүз —8…-13 градус суук, түнкүсүн —15…-20 градус суук болот. Бийик тоолуу райондордо болсо —20…-25 градус суук болушу күтүлөт.
Мындай аба-ырайы кыштоолордо малды кармоого, унаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.