БИШКЕК, 14-ноя — Sputnik. Бүгүн, Кыргызстанга Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода расмий сапары менен келди.
Коңшу мамлекеттин өкмөт башчысын "Манас" Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев тосуп алды. Бул туурасында өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Сапардын жүрүшүндө Кохир Расулзода өкмөт башчысы Оторбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки өлкө ортосундагы экономикалык жана гуманитардык өнүгүүнүн абалы жана келечеги талкууланмакчы.