Талибдерге каршы согушкан вице-президент Салехтин Тажикстанга кире качканы айтылды

© AFP / SAJJAD HUSSAINАфганистандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салех. Архив
Афганистандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салех. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Согушкерлерге баш ийбестен Панжшерде каршылык көрсөткөн Афганистандын вице-президенти өлкөдөн чыгып кеткенин бир нече ЖМКлар жазып чыгышты.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Талибдерге каршы согушкан Афганистандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салех Тажикстанга кире качты. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда, Sputnik Тажикстан кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, Салехтин постсоветтик мамлекетке качканын Al Arabiya менен Afghanistan International дагы жазды.

Афганистандын вице-президенти Амрулла Салех. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Талибдерге каршы согушкан акыркы адам. Вице-президент тууралуу 9 факт
Эске салсак, талибдер бийликти алгандан кийин өлкөдөн Афганистандын президенти Ашраф Гани чыгып кеткен. Мындан улам вице-президент Амрулла Салех Конституцияга таянуу менен өзүн-өзү президент катары жарыялап, Панжшерде согушкерлерге каршылык көрсөтөрүн айткан. Бирок 6-сентябрда талибдер Панжшерди толугу менен өз көзөмөлүнө алганы кабарланды.

Ал эми Салех менен биргеликте "Талибан"* кыймылына каршы чыккан лидер Ахмад Масуд учурда коопсуз жерде экенин жана ал жакынкы аралыкта кайрылуу жасай турганын Афганистандын Улуттук каршылык фронтунун өкүлү Али Назари жазды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0