Талибдерге каршы согушкан акыркы адам. Вице-президент тууралуу 9 факт

© AP Photo / Rahmat GulАфганистандын вице-президенти Амрулла Салех. Архив
Афганистандын вице-президенти Амрулла Салех. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Афганистандын вице-президенти Амрулла Салех кечээ күнү Конституцияга таянып өзүн өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялады. Саясатчы бул боюнча Twitter каналына жазды.

Салех республиканын мыйзамдары боюнча эгер президент кайтыш болуп же качып кете турган болсо, биринчи вице-президент убактылуу анын ордуна келип өлкөнү башкарарын билдирген.

"Учурда мен өз мамлекетимдемин жана мыйзамдуу түрдө убактылуу президентмин. Бардык лидерлердин колдоосуна ээ болуу үчүн алар менен байланышып жатам", — деп Салех Twitter баракчасына жазды.

Саясатчы ошондой эле Афганистандын жашоочуларын "Талибан"* согушкерлерине каршы туруу үчүн биригүүгө чакырган.

"Биз, афгандыктар, Афганистан Вьетнам эмес экенин далилдешибиз керек. Талибдер болсо вьетконгго окшош эмес (Түштүк Вьетнамды бошотуу боюнча Улуттук фронттун күрөшчүлөрү). АКШ/НАТОго караганда биз духубузду түшүргөн жокпуз жана келечектен чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз. Каршылык көрсөтүүгө кошулуңуздар", — деди ал.

ЖМКнын маалыматына караганда, Афганистандын вице-президенти Амрулла Салехтин аскер күчтөрү Парван провинциясындагы Чарикар районунан талибдерди кууп чыгып, учурда Панджшер аймагында согушууда. Ошондой эле талибдерге каршылык көрсөтүү үчүн 10 миң аскер Панджшер тарапты көздөй баратканы айтылды. Анын ичинде генерал Дустумдун күчтөрү дагы бар.

Кабул шаарындагы Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Элчи: учурда 15 кыргызстандык Афганистандан эвакуацияланып жатат
Талибдерге Панджшер провинциясында каршылык көрсөтүүнү уюштурууга Ахмад Масуд дагы катышкан. Ал 80-90-жылдардагы моджахеддердин легендарлуу афган лидери, талаа командири жана коргонуу министри, "панджшерлик арстан" аты менен таанымал Ахмад Шах Масуддун уулу.

ЖМКлар вице-президент менен Ахмад Масуд талибдер менен күрөштө чогуу иш алып барып жатканын жазышууда. Буга чейин ВСС басылмасынын кабарчысы Ялда Хаким Ахмад Масуд менен Амрулла Салехтин Панджшерден түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

​Sputnik редакциясы башаламандык жаралган өлкөнүн тизгинин колго алууну чечкен вице-президент тууралуу фактыларды топтоду.

Амрулла Салех — Панджшер провинциясынан чыккан жогорку кызматтагы аткаминерлердин бири. Этникалык тажик. Жашы 50дө.

Талибан кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Аялдардын укугу, баңгизат, диний ишенимдер. Талибдер эмне убадалоодо
ЖМКдагы маалыматтарга караганда, кичинекей кезинде жетим калган. 1980-жылдары Пакистанда жашап билим алган.

1990-жылы Афганистандын оппозициялык күчтөрүнө кошулуп, Пакистандан аскердик даярдыктан өткөн. Моджахеддердин командири Ахмад Шах Масуддун жетектөөсү астында согушкан. "Түндүк альянс" (түндүк Афганистандын талаа командирлеринин бирикмеси) отрядынын жетекчилеринин бири болгон.

1990-жылдардын экинчи жарымында Салех Москвада жашаган. Ал жерде диаспорадагы афган топтору менен биргеликте ошол кезде Россияда апта сайын чыккан "Хафт Руз" басылмасында иштеген.

2004-жылы Афганистандын президенти Хамид Карзай Салехти Улуттук коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындаган. Салех бул кызматта турган кезде бир катар структуралык реформаларды жасап, афган чалгындоо кызматын калыбына келтирген. Батыш өлкөлөрү аны афган өкмөтүнүн компетенттүү өкүлдөрүнүн бири катары эсептеген. 2010-жылдын июнь айында кызматтан бошотулган.

2017-жылдын март айында Афганистандын президенти Ашраф Гани Салехти коопсуздук секторундагы реформалар боюнча министр кылып дайындаган. Бирок өлкөдөгү абал начарлап кеткенине байланыштуу үч айдан кийин отставкага кеткен.

2018-жылдын декабрь айында Салех ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок 2019-жылдын январында отставкага кетүүнү суранган. Буга анын Ашраф Ганинин биринчи орун басары катары президенттик шайлоо кампаниясына катышууга белсенгени себеп болгон. 2020-жылдын апрелинен тарта ушул кызматты аркалап келе жаткан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
ТИМ Афганистан боюнча билдирүү таратып, Памирдеги кыргыздарды коргоого чакырды
Салех талибдердин элдешкис каршылаштарынын бири болуп саналат. Көп жолу кол салууга аракет жасашкан, акыркысы 2020-жылдын 9-сентябрында болгон. Терактынын кесепетинен күйүк алып, колу жабыркаган. 12 адам курман болуп, 10 киши жаракат алган. Алардын арасында Салехтин күзөтчүлөрү дагы бар болчу.

2019-жылдын июль айында үч согушкер Салехтин Кабулдагы кеңсесине кирип, жанкечтилердин бири өзүн-өзү жардырып жиберген. Окуянын айынан 20 адам өлүп, 50 киши жарадар болгон. Салех жабыркабаганы менен эки иниси менен көптөгөн кесиптештеринен айрылган.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0