00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Простыми словами: как оформить льготный кредит на развитие агрохозяйства
12:05
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Опасное наследство: как не унаследовать чужие кредиты
14:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Инсультту дарылоодогу жаңы ыкмалар: протоколдор эмнени өзгөрттү?
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как остеохондроз портит сон и что с этим делать
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Ырчылык менен юморду айкалыштырып эл көңүлүнөн түнөк тапкан Бектен Жакилов
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Весна на полях: хватит ли воды и чего ждать от нового сельхозсезона
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Иран менен мамиле курган өлкөлөргө Америка санкция салам деп опузалады. Бул экономикалык күчпү же саясий оюнбу?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опасное наследство: как не унаследовать чужие кредиты
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Инсультту дарылоодогу жаңы ыкмалар: протоколдор эмнени өзгөрттү?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Спутник V" түзүүчүлөрү: тромбоз менен вакциналардын байланышын изилдөө керек 

© REUTERS / YVES HERMANOxford / AstraZeneca COVID-19 каршы вакцинасы. Архив
Oxford / AstraZeneca COVID-19 каршы вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Мээ кан тамырларынын тромбозунун коркунучу жаралгандыктан көптөгөн жөнгө салуучу органдар AstraZeneca жана Johnson & Johnson компанияларынын препараттарын пайдаланууну убактылуу токтотууну сунуш кылышкан.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Спутник V" вакцинасын иштеп чыккандар ар кандай өлкөлөрдүн дары-дармектерди жүгүртүүнү жөнгө салуучу органдарын Оксфорд университетинин тромбдордун пайда болушу жана алардын түрдүү вакциналар менен болгон байланышы жөнүндөгү изилдөөсүн тыкыр иликтөөгө чакырды.
“Оксфорд университети mRNA-вакцинасынан эмделген 489 миң адамдын маалыматтарына байланышкан маанилүү иликтөөсүн жарыялады. Анда тромбоз коркунучу mRNA вакциналарында (Pfizer жана Moderna) AstraZeneca препаратына караганда 30 эсе жогору экендигин көрсөтөт", — деп айтылат "Спутник V" уюмунун Twitter-аккаунтунда.
Мээ кан тамырларынын тромбозунун коркунучу жаралгандыктан көптөгөн жөнгө салуучу органдар AstraZeneca жана Johnson & Johnson компанияларынын препараттарын пайдаланууну убактылуу токтотууну сунуш кылышкан.
Медициналык кызматкер Бишкектеги ооруканада COVID-19 менен оруган бейтаптар менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Министр: былтыр ооругандар кайра вирус жуктуруп алууда, вакцина алгыла
“Ошол эле учурда COVID илдетинде баш мээни жабыркаткан тромбоз коркунучу сегиз эсе болсо, mRNA-вакциналарын алганда он эсе жогору болору айтылды. Көзөмөлдөөчүлөр бул маалыматтарды изилдеп чыгып, маанилүү бүтүм чыгарышы керек”, — дешти "Спутник V" вакцинасынын түзүүчүлөрү.
Американын тамак-аш менен медикаменттердин сапатын караган санитардык көзөмөл башкармалыгы жана Оорулардын жайылышына көзөмөл салган борбор Johnson & Johnson компаниясынын COVID-19га каршы Janssen препараты менен эмдөө жүргүзүүнү токтото турууну сунуштаган. J&J болсо коронавируска каршы вакцинасын Европада колдонулушун токтото турууну чечкени боюнча пресс-релиз таркатты. Компания вакцина алгандан кийин тромб пайда болгону тууралуу маалыматы бар экенин айткан.
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды
Буга чейин AstraZeneca компаниясынын вакцинасын колдонгондон кийин дагы адамдын саламаттыгы начарлап кеткен учурлар катталган. Европалык көзөмөлдөөчүлөр тромбдун пайда болушу менен AstraZeneca вакцинасынын байланышын моюндап, препараттын маалымдамасына бул тууралуу жазышкан.
2021-жылдын башында ЕМАнын талкаланган серверинен алынган маалыматтар тарап кеткен. Анда Pfizer лабораториядан толук кандуу өндүрүшкө өткөндө кандай көйгөйлөргө туш болгону көрсөтүлгөн. Ага ылайык, РНК үлгүсүнүн бүтүндүгү кескин төмөндөп, кооптуу чекке жеткен. Мындай учурда COVID-19га каршы иммунитет пайда болбой эле, тескерисинче, иммунитетке стресс жаратат.
Жаңылыктар түрмөгү
0