07:56 29 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.6688
  • EUR96.0833
  • RUB1.0531
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
31901

Американын лидери климат боюнча Париж келишиминен чыгары жөнүндө кеп кылып жатып, Макрондун кызматын айтууда жаңылыштык кетирген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Мичигандагы шайлоо алдындагы митингде француз кесиптеши Эммануэль Макронду премьер-министр деп салды. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү медиа каражаттарга таянуу менен жазды.

Трамп АКШнын климат боюнча Париж келишиминен чыга турганы жөнүндө айтып жатып Макронду сөз кылган.

Трамптан так талашкан Байден аны "Путиндин күчүгү" деп ачуусуна тийди

"Мен премьер-министр Макронду абдан сыйлайм. Бир ирет келишим эмне болуп жатканын сурадым. Бул багытта иш анча жүрбөй жатыптыр", — деген Трамптын сөзүн France24 телеканалы келтирген.

Буга чейин Трамп Түндүк Каролинада тарапкерлери менен баарлашып жатып, дүйнөдө популярдуулугу боюнча Иисус Христостон кийин экинчи орунда турарын билдиргени айтылат.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат. Так талашта ага демократтардын өкүлү, 77 жаштагы Жо Байден атаандаш экени маалым.

Тема боюнча

Лукашенко ЕБдин "кара тизмесине" кирген жок. Себебин Макрон түшүндүрдү
Белгилер:
өкмөт башчы, Эммануэль Макрон, Дональд Трамп, Франция, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ