00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:10
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:10
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:11
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дүйнөдө COVID жуктургандардын саны 20 миллиондон ашты

© AFP / PHILIPPE LOPEZСитуация во Франции по случаю коронавируса
Ситуация во Франции по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эпидемиологиялык абалдын жакшыра элегин сандар дагы кабарлап турат. Тагыраагы, акыркы бир айда ар бир төрт күн ичинде бир миллион адам вирус жуктуруп жатат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны бүгүн эртең менен 20 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Бишкек убактысы боюнча саат 9.30га карата дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 20 014 574 киши болду. Мунун ичинен 734 755 бейтап ооруну жеңе алган эмес.

COVID-19га кабылгандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда келе жатат. Мында 5 089 416 киши ооруп, 160 миңден ашыгы каза болду.

COVID: Ошто медициналык таштандылар үчүн контейнерлер орнотулду

Андан кийинки орундарда Бразилия (3 057 470) жана Индия (2 215 074) турат.

Таблицадагы маалыматка караганда, Борбор Азия өлкөлөрүндө абал дагы деле оор бойдон калып, эки апта мурда кайсы позицияда болсо ошол жерде кармалып турушат. Мисалы, 188 мамлекет жана аймакты камтыган тизмеде Казакстан 26-орунда. Коңшу өлкөдө ооругандардын саны 100 миңге чукулдап калды. Вирустун мекени болуп эсептелген Кытай бүгүн 30-сапта, мында 88 906 киши оору жуктурган.

Кыргызстан 53-орунда, өлкөдө 40 085 адам вируска чалдыкты. Бизден алты сап ылдый Өзбекстан жайгашкан. Коңшу өлкөдө коронавирустан болгондордун саны 31 304кө жетти. Ал эми Тажикстан 90унчу болуп турат. Расмий маалыматтар боюнча, коңшу мамлекетте 7 827 киши COVID-19га кабылган.

ДССУ кайталап киргизилген карантиндик чектөөлөрдү сынга алды

Баса, эпидемиологиялык абалдын жакшыра элегин сандар дагы айтып турат. Тагыраагы, акыркы бир айда ар бир төрт күн ичинде бир миллион адам вирус жуктуруп жатат.

Мисалы, 26-июль күнү ооругандар жалпысынан 16 миллион болсо, 30-июль күнү 17 миллиондон ашкан. 3-август күнү 18 миллион, 7-август күнү 19 миллион киши болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0