COVID жуктургандар 17 миллиондон ашты. Кыргызстан канчанчы орунда

© AP Photo / Rajanish KakadeМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19га кабылгандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ сап башында. Бирок тизмеде Борбор Азия өлкөлөрү дагы улам өйдөлөп бара жатат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны төрт күн ичинде 1 миллионго көбөйүп, бүгүн эртең менен 17 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 17 029 155 киши болду. Мунун ичинен 667 011 бейтап ооруну жеңе алган жок.

COVID-19га кабылгандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда келе жатат. Мында 4 426 982 киши ооруп, 150 миңден ашыгы каза болду.

Андан кийинки орундарда Бразилия (2 552 265) жана Индия (1 581 963) турат.

Акыркы суткада 631 адамдан COVID табылды

Тилекке каршы, бул тизмеде Борбор Азия өлкөлөрү барган сайын өйдөлөөдө. Мисалы, саат 12.00дөгү маалымат боюнча, Казакстан вирустун мекени болгон Кытайдан ашып, 26-орунга чыкты. Коңшу өлкөдө 87 664 киши вируска кабылды. Ал эми Кытай 27-орунда (87 213 киши).

188 өлкө жана аймакты камтыган тизмеде Кыргызстан 52-сапта турат. Өкүнүчтүүсү, ондогон жана 100 миллиондон ашык калкы бар Австралия, Япония, Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттерди артта калтырды. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 35 143кө жетти. Анын ичинен 24 474 киши ооруну жеңип, айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 1 364 кишинин өмүрүн алды.

Өзбекстан 22 585 бейтап менен 61-орунда турат. Ал эми Тажикстан тизмеде 90унчу. Бул өлкөдө 7 320 киши вируска чалдыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0