Газ жана Израиль: Европа дагы бир жол таптыбы?

© REUTERS / Marc Israel Sellem / PoolЛевиафанского месторождения природного газа
Левиафанского месторождения природного газа  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк белдүү басылмалардын бири Reuters узап бараткан аптада Израиль өкмөтү менен Европалык биримдик келишимди жактырганын маалымдады. Анын алкагында EastMed деңиз газ өткөргүч түтүгүнүн курулушу пландалууда.

Жылдап Россиянын кезектеги жеңилишин сүрөттөөгө маш россиялык басылмалар макалаларын жайната чыгарды. Алардын көзгө сая көрсөткөнү – Байыркы Дүйнө (Америка ачылганга чейинки жер жүзүнүн үч бөлүгү – Европа, Азия жана Африка) орустардын газ түтүгүнө альтернатива тапканы. Бирок алардын максаттуу аудиториясынын кубанычы бир катар себептерден улам узакка созулбайт деп белгилейт серепчи Сергей Савчук. Анын бул туурасындагы макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Кепти EastMed өтө жаш жана техникалык көз караштан таптакыр чийки экенинен баштайлы. Энергетикалык үчтүктүн –Греция, Кипр жана Израилдин ортосундагы баштапкы келишимге былтыр, 2019-жылдын мартында, кол коюлган. Мында кимдин кызыкчылыктары камтылганын түшүнүү үчүн ага Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун жеке көзөмөлүндө кол коюлганын кошумчалай кетели.

Вашингтонго жагынуу үчүн Европалык комиссия “жалпы кызыкчылык долбоорунун” EastMed макамына энчилеп алды. Бул россиялык “Газпромду” көйгөйгө тушуктуруп келе жаткан талап жана чектөөлөр бул газ өткөргүч түтүгүнө коюлбай турганын билдирет. Ушундай тандоо укугу бар.

Долбоорду ишке ашырууну ылдамдатуу үчүн европалык бюджеттен техникалык изилдөөлөрүн бүтүрүүгө 39 миллион доллардан ашуун каражат бөлүнгөн. Бул жетпей калды дейли. Кантсе да, техникалык жактан баары оңой-олтоң эмес.

Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?

Дээрлик эки миң чакырымга созулган он миллиард куб метр кубаттуулуктагы жана (алдын ала) жети миллиард доллар наркындагы газ өткөргүч түтүгүн жети жылда куруп чыгууну пландап жатышат. Муну менен бирге ошол эле “Түндүк агымдан” негизги айырмачылыгы – Кипр менен Криттин ортосундагы тилкедеги тереңдик үч миң метрлик көрсөткүчкө жетет. Жер ортолук деңиздин түбүндөгү рельефтин кыйла оор, ал эми район сейсмикалык жактан активдүү деп эсептелгени менен да иш татаалданат. Теория жүзүндө заманбап технологиялар мындай шарттарда өткөргүч түтүк трассасын жаткырууга мүмкүндүк берет. Бирок иш жүзүндө андай өңүттөгү эч нерсе курула элек. Бардык техникалык аспектилер сууларына түтүктөр жаткырыла турган өлкөлөр ортосундагы саясий жана башка карама-каршылыктардын татаал түйүнүнөн улам басаңдайт. Биринчиден, Левиафан кенинде иш шар жүрүп кетпейт. Үч жарым триллион куб метр газга Израилден тышкары Египет, Ливан жана Сирия да үмүт артат. Алааматтан баш көтөрө албай жаткан Дамасктын муну талашып-тартышууга чолосу тийбейт. Бирок Ливан шельфтин бир бөлүгүн он жылдан бери талашып келет.

Каир бүгүнкү күндө газга болгон ички керектөөнү толук камсыздап, көгүлтүр от хабын түзүп келет. Ушул хабдан эң жакынкы келечекте өздөрү өндүргөн суюлтулган газын сатмакчы.

Экинчиден, башынан эле EastMed Кипр жана Крит аркылуу Грецияга чейинки Левиафан газ кенинен тартылары пландалган. Ал жакта хаб түзүлүп, андан көгүлтүр от Италия жана Болгарияга жөнөтүлмөк. Бул белгилүү, бирок долбоор иштелип жаткан бир жарым жыл ичинде Италия бир дагы жолугушууга катышкан эмес. Ал түгүл бир жыл мурун италиялык премьер-министр Жузеппе Конти өлкөсү жалпысынан долбоорду да, газды Грециядан Италияга өткөрчү 200 чакырымдык Poseidon интерконнекторунун курулушун да колдобой турганын ачык эле билдирген. Аталган өлкө трансадриатикалык газ өткөргүчүнүн (TAP) курулушун жана ошол эле Греция жана Албания аркылуу транзит менен Азербайжандан газ сатып алууну келечектүү деп эсептейт.

Италия (Poseidon) жана Болгарияда (IGB) интерконнекторлорду куруу IGI Poseidon компаниясына жүктөлгөн. Анда италиялык Edison S.p.A. жана грециялык DEPA S.A. компанияларынын теңме-тең үлүшү бар. Салыштырып карасак, италиялык тилке жаатында акыркы жаңылыктар быйыл апрелде чыккан. Ошол тушта IGI инженердик изилдөөлөрдү өткөрүүгө даяр экенин жарыялаган. Ачыгы, буга кошумча 70 миллион евро керектелет. Каражат алигүнчө бөлүнгөн эмес, ошол себептен иш да жыла элек. Анан, албетте, EastMed долбоорун ишке ашырууда жолдо түнөргөн тоо катары Түркия заңкайып турат. Долбоордун көпчүлүк катышуучулары менен анын мамилеси таттуу эмес. Мисалы, Кипр жээгинен анча алыс эмес жерде Афродита кени бар. Ошол жактан да Европага кайра сатуу үчүн жаратылыш газын алуу пландалууда.

Атаандаштыкка чыдабай... Европа менен Азия АКШнын суюлтулган газынан баш тартууда

2018-жылдын мартында Eni италиялык компаниясынын чалгындоочу судносу ал жакта изилдөө жүргүзгөн. Бирок түркиялык аскердик кемелердин отряды келген соң ишти жыйыштырууга аргасыз болгон. Себеби алар өктөм үн салып, райондон чыгып кетүүлөрүн талап кылган. Ошондой эле Кипр менен кандай нук алары да түшүнүксүз. Газ өткөрүү түтүгүнүн бир учун аралдын оккупацияланган түндүк бөлүгү аркылуу тартуу пландалган. Анкара мындан улам тийиштүү транзиттик төлөмдөрдү алууга үмүткөр, ал эми буга кипрликтер караманча каршы.

Аталган долбоордо америкалык кызыкчылыкты тегин жерден атабадык. Мындан сырткары, Түркия менен АКШ кыйла салкын мамиледе. Вашингтондун тышкы саясаты Анкарага түз экономикалык залал келтирет: 21-июлда АКШ конгрессинин Өкүлдөр палатасы санкциялардын жаңы пакетин бир добуштан кабыл алды. Жаңы санкциялар россиялык “Түндүк агым – 2” жана “Түркиялык агым” газ өткөргүч түтүктөрүнө каршы багытталган.

Мындай аракеттер карасанатайлык, себеби Анкаранын Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Европанын негизги хабына айлануу пландарын солгундатат. Эгер EastMed жана айрыкча анын болгариялык IGB коннектору курулса, анда түркиялык агымдын Люлебургаз аркылуу өткөн транзиттик бутагы өз маанисин, ал эми бюджет акчасын жоготот.

Левиафан кенин чалгындоону америкалык Noble Energy компаниясы 1999-жылы баштаган. Көмүрсуутектердин ири запастарын тапкандан кийинки израилдик өкмөттөн бардык жетишкендик жана жеңилдиктерине ошол ишкана ээ болгон.

Тель-Авив шельфтик газдын базасындагы ички энергетикалык долбоорго эле 6,3 миллиард доллар инвестиция салган, ал эми Noble Energy компаниясы кийинки бардык изилдөөлөргө катышууга жеңилдик укугун алган.

Жаңы кооптуулук: Катар газ "согушуна" кирүүгө ниеттенип жатат

Мунун баары бир учурда, тагыраак, Израиль эл аралык рынокко чыгууну чечкен маалда өзгөрдү. Чакан Noble ишканасын америкалык Chevron мунай үлкөнү дароо сатып алган. Келишимге беш миллиард доллар сарпталып, жыл соңунда аяктайт.

Анкара экономикалык жана геосаясий кызыкчылыктарына кайдан коркунуч туулуп жатканын жакшы билеринде шек жок. Ошондуктан EastMed курулушун тез макулдашууну да күтүп болбогондой эле, америкалык-түрк мамилелеринин жакшырышына үмүт артып болбойт.

Израилдик газ өткөргүч түтүгү ташуу жана экспорттук кирешелердин түзүлгөн схемаларын бузуп кое алат. Бирок бул региондогу өлкөлөр ортосундагы толгон-токой көйгөлөрдүн чечилишине жардам бербейт. Анткен менен EastMed долбоорунда жылыш башталганы менен баары бир кеминде жети жылда бүтөт. Ал эми "Газпромдун" түтүк жаткыруучулары 3-августта ишке киришет. Бул ирет алар Германияга чейинки калган 160 чакырым магистралды тартышмакчы. Андан соң Россия балтиялык эки өткөргүч түтүккө 110 миллиард куб метр газ жеткирет. Бул көрсөткүч теориядагыдан да израилдик-грециялык тандемге 11 эсе көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0