Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым — 2" газ түтүгүн куруу иштери. Архив
Түндүк агым — 2 газ түтүгүн куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк агым — 2" ... Россиялык газ түтүгүнүн пайдаланууга берилишин токтотуу боюнча америкалык аракеттер европалык саясатчылар тарабынан кошумча колдоого гана эмес, Евробиримдиктин америкалык санкциялардан системалуу коргоого алышына өбөлгө болушу мүмкүн.

Бул туурасындагы серепчи Иван Даниловдун макаласы биздин өнөктөш – РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Эгер "Түндүк агым – 2ден" америкалык кызыкчылыктарга келген зыянды жана дал Евробиримдикте "антивандалдык" (антисанкциялык) каржылык-экономикалык системаны түзүүдөн алган залалын салыштыра турган болсок, мында россиялык газ түтүгү анчалык деле мааниге ээ болбой калат.

Атаандаштыкка чыдабай... Европа менен Азия АКШнын суюлтулган газынан баш тартууда

Вашингтон чындап маанилүү маселелерде Брюсселге же европалык компанияларга санкциялар менен кысымга алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылса, анда бул америкалык тышкы саясат үчүн планетардык масштабдагы кырсык болору айкын.

Өткөн жумада Вашингтон — Брюссель — Мамдеп— Еврокомиссия жаңжалы негизи америкалык жана европалык дипломатиянын башчыларынын бири-биринин дарегине карата коркутуу жана катаал сын-пикир камтылган билдирүүлөрүнөн улам ырбай түштү.

Санкциялар жөнүндө мыйзам кабыл алынганча Майк Помпео Тиллерсондун тактоосу деп аталган – "Түндүк агым – 2нин" курулушуна көмөкчү болгон компанияларга каршы санкция киргизүүгө чектөө тууралуу камтылган жобону жоюуну чечти.

Антироссиялык жана "антигазпромдук" санкциялардын баштапкы топтомунда пайда болгон бул "тактоону" ошол убактагы мамлекеттик катчы Тиллерсонго таандык деп жүрүшөт. Ал ири европалык мунай-газ ишканаларын "жазалоо" өтө жаман ой экенин түшүнгөн. Ал Помпеонун Евромбиримдикке болгон сапарынын алдында жокко чыгарылган. Мындай кадамды коркутуу жоругу катары кабылдоого болот.

Жаңы кооптуулук: Катар газ "согушуна" кирүүгө ниеттенип жатат

АКШ Мамдепартаментинин башчысы долбоорго тиешеси бар же мурда тиешеси болгон бардык компаниялардан андан чыгышын талап кылып, болбосо санкция алууга даяр болушсун деген тейде түз эле коркутууга өттү. Андай санкциялар (америкалык стандарт жана тарыхый тажрыйбага сереп салсак) алардын америкалык бизнести жок кылуусун, доллардык системадан чыгаруу, мүлкүн конфискациялап жана алардын директорлорунун АКШга аяк басышына тыюу салууну боолголойт.

Америкалык санкциялардын маласынын алдында эбегейсиз сандагы порттук кызмат көрсөткөн же камсыздандыруу менен алектенген европалык компаниялар калаарынан тышкары, "Газпромдун" алдыңкы европалык өнөктөштөрүн, тагыраагы, Wintershall, OMV, Engie, Shell жана Uniper өңдүү компанияларды баары бир "доллар менен жазалоого" даяр экенин кыйытып жаткандай элес (айрым батыш маалымат каражаттары да ушундай пикирде) калтырат.

Биринчиден, мындай эскалация — "Түндүк агым – 2ни" бөгөттөө жаатындагы Вашингтондун ниетинин олуттуулугун көрсөтүүдөгү күчтүү кадам. Экинчи жагынан, "Газпромдун" европалык өнөктөштөрүнүн акчалары долбоорго салынган. Ал эми түтүктөр газ түтүгүнө ээлик кылган компаниянын жападан жалгыз акционери болгон россиялык компаниянын күчү менен бүткөрүлүүдө дегенден бөлөк эмнени айткылары келгени да түшүнүксүз.

Чет элдик компаниялар долбоордон баш тарткысы келген күндө да бул мүмкүн болбой калды, анткени, андай мүмкүнчүлүк эбак колдон чыккан. Европалык компанияларга каршы санкциялар газ түтүгүн бөгөттөөдөн алып караганда, тек гана таптакыр маңызсыз кек алуу болуп калат.

Албетте, Вашингтон Европада россиялык газды сатып алуучуларга каршы санкцияларды киргизүүгө далалат кылышы ыктымал, бирок андайда техникалык көйгөй жана тышкы саясий тобокелдиктердин бүтүндөй сериясы жаралат.

Мунайдын артынан газ каатчылыгы күтүп турабы? Келечекке божомол

Мындан аркы эскалация россиялык газды сатып алган компанияларга санкцияларды улантуу сценарийинде болушу толук мүмкүн, бирок анын кесепеттери Вашингтонго жагары арсар. Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук саясат боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррель жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Евробиримдикке таасир этүүнүн америкалык ыкмалары боюнча айткан.  "Европалык компанияларга жана кызыкчылыктарга каршы Кошмо Штаттар тарабынан санкцияларды пайдалануунун күч алышына жана санкция киргизүү боюнча коркутууларга абдан тынчсызданып жатам.

Иран, Куба, Эл аралык жазык соту боюнча көрүнүштөрдө жана жакындагы эле "Түндүк агым – 2" жана "Түрк агымы" сымал долбоорлор жаатында өрчүп келе жаткан бул тенденцияга күбө болдук. Европалык саясат үчүнчү өлкөлөр тарабынан эмес, ушул жерде – Европада, аныкталышы абзел.

Мунай баасынан улам Америка Россияны кантип жазалоону ойлонуштурат

Тышкы саясат жана коопсуздук саясатынын максаттары орток болгон учурларда өнөктөштөр менен болгон санкциялардын координациясы абдан баалуу. Мунун көптөгөн оң мисалдарына күбө болуп келгенбиз. Андыктан кайсы жерде болбосун, колубуздан келсе, координациялоону (санкцияларды – автордун тактоосу) улантмакчыбыз. Саясий пикир келишпестиктер орун алган жерде Европалык биримдик диалогго дайым ачык. Бирок бул (диалог – автордун тактоосу) санкция менен коркутуулардан улам болушу мүмкүн эмес", — деген ал.

Бул билдирүүнү дипломаттын эч кандай маани камтыбаган "санаасындай" гана кабыл алууга болмок. Ансыз деле ага Вашингтон көңүл бурмак эмес. Бирок эске алчу бир жагдай бар. Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары, атап айтканда Bloomberg ишкердик маалымат агенттиги Германия АКШга каршы санкцияларды караштырып жатканын жазып чыкты. Бул "Түндүк агым – 2ге" каршы санкциялардан улам өч алуу жана Кошмо Штаттарга европалык энергетикалык саясатка кийлигишпөө үчүн жакшылап сабак берүү үчүн жасалары айтылган.

Боррелдин билдирүүсүндөгү маңызга үңүлсөк, анын жакындагы эле франциялык евродепутаттын америкалык санкциялар боюнча суроосуна берген жообу бир эстеп коюуга арзыйт: "Комиссия санкциялардын күчөтүлгөн механизмин кабыл алууга себеп даярдоодо. Ал Европанын үчүнчү өлкөлөр тарабынан киргизилген экстерриториалдык санкциялардын таасирине туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат". Анткен менен Боррель бул механизм кандай формада болорун же качан киргизилерин тактаган эмес. Бул тууралуу эки апта мурун Рейтер агенттиги кабарлаган.

Мунай россиялык газдын да баасын түшүрөбү? Серепчинин ой толгоосу

Европадагы газ багытындагы АКШнын бардык санкциялык күн тартибин көрсөтө турган эң көрүнүктүү механизм америкалык суюлтулган газды экспорттоого каршы санкциялар болушу ыктымал. Аны Европага импорттоого тыюу же 25 пайыздык бөгөй турган тариф "Түндүк агым – 2ге" каршы санкиялардын маңызын гана жок кылбастан, америкалык энергетикалык компанияларга да түз зыян келтириши мүмкүн. Алардын айрымдары АКШнын Республикачылар  партиясына демөөрчүлүк кылат.

Кол коюлган келишимдерди мажбурлоо менен бузуу – олуттуу жоготуу. Ал эми америкалык компаниялар Майк Помпео менен орустардан чочулаган сенаторлордун саясий дымагы үчүн өз чөнтөгүнөн төлөөгө даяр экени күмөн. Ошону менен катар европалык дипломаттар ага кандайдыр бир альтернативдик варианттарды ойлоп табышы ыктымал.

Ырасында Евробиримдиктеги америкалык бизнестин "талуу жерлери" жетишерлик. Эгер европалык дипломатиянын багыты өзгөрбөсө, ал эми АКШ баары бир Брюсселдин жооп иретиндеги санкцияларына кабылса башкача болот. Анда "Түндүк агым — 2нин" жыйынтыктары Кошмо Штаттар менен Евробиримдиктин ортосундагы мамиле санкциялык согуштун фазасына өтөт.

Бул тобокелдиктен качуу үчүн Мамлекеттик департамент европалык энергетикалык гиганттарын коркутууну тезинен токтоткону оң. Бирок мындай нерсенин мүмкүндүгү да күмөн. Эгер андай аракеттеринен артка чегинсе, европалыктардын суверенитетке укугун АКШнын тааныганын туюндурат. Ал эми америкалык элита принцибинде андай кадамга бара албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0