Жаңы кооптуулук: Катар газ "согушуна" кирүүгө ниеттенип жатат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКатардын борбору Доха шаары. Архив
Катардын борбору Доха шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катар мамлекети же өндүрүштүн көлөмүн азайтат, же болуп көрбөгөндөй жеңилдиктерди сунуштап, баа боюнча "согушту" баштайт. Антпесе Катар газ рыногунан сүрүлүп калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Дүйнөдө газдын баасы түшүп кетти, кыш жылуу болуп, көгүлтүр отту сактаган кампалар толтура бойдон калды, ал эми пандемия суроо-талапты дагы азайтты.

Учурда баарынан кыйын кырдаалга суюлтулган жаратылыш газын саткан Катар мамлекети кабылды. Аналитиктер каатчылыктан кутулуу үчүн падышалык рыноктогу баа боюнча Сауд Аравиясы сыяктуу "салгылашка" барат деген божомолдорун айтышууда. Анын Россияга кандай таасирин тийгизерин РИА Новости агенттигинин материалынан окусаңыз болот.

Кыйын кырдаал

Жыл башынан тарта баа эки ирет түштү: Европа менен АКШда көгүлтүр от 1999-жылдагы төмөнкү баа менен сатылып келди.

АЗС в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Нефтетрейдерлер: базада май көп, баа көтөрүлбөйт
"Газ рыногу бир эле учурда сунуштун ашып калганы менен ысып кеткен аба ырайын — эки нерсени көтөрө албайт", — деген эскертүү болгон. Муну январда эле Нью-Йорктогу Statar Capital деп аталган газ боюнча хедж-фонддун жетекчиси Рон Озер айткан.

Пандемия да буга өзүнүн "салымын" кошуп, Катарды туңгуюкка кептеди.

Падышалык болуп көрбөгөндөй чыгымга учурап, жакында аргасыз кадамга барганы турат. Же өндүрүштүн көлөмүн азайтат, же алуучуларга жеңилдиктерди сунуштап, баа боюнча "согушту" баштайт. Антпесе Катар баалардын кымбаттыгынан улам рыноктон сүрүлүп чыгып, Австралияга лидерликти алдырып жибериши мүмкүн.

"Суроо-талаптын аздыгынан, продукцияны сактоого кеткен чыгымдын көптүгүнөн суюлтулган газдын дүйнөдөгү ири экспортчусу рынок үчүн салгылашка кирет", — деп эскерткен Bloomberg.

Тээ февраль айында эле Доха газдын агымын коронавирустун алоосунда калган Азиядан Европага бурган. Бирок бул абалга аралжы боло алган эмес. Пандемия Европаны да каптап, алар да аргасыздан энергоресурсту сатып алууну чектеди.

Бочкадагы мунай. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Баррели миң доллардан": америкалык план мунай рыногун "муңайтышы" ыктымал
Катар үчүн абалдан чыгуунун жолдорунун бири — өндүрүштү азайтуу болуп турат. Бирок бул анын айбаты асманды чапчыган дымагынын басылышына барабар. Былтыркы жылдын январь айында падышалык ОПЕКтен чыгарын айткан, анда дал ушул газ боюнча маселеде позициясын чечип алышы керек эле. Сыртка сатууну 2024-жылга чейин 77 миллион тоннадан 110го жеткирүүнү пландаган. Ал эми 2027-жылы бул сумма 126 миллион тоннага өсмөк.

Анда энергетика министри Саад бен Шрид Аль-Кааби бул үчүн ресурстар бар экендигин айткан. Тагыраагы, түндүк жактагы Рас-Лаффан шаарына жакын жердеги тилкелер туурасында кеп болгон. Мындан сырткары аталган өлкө 2024-жылы дал ушул суюлтулган газ боюнча атайын төрт өндүрүш линиясын ишке киргизүүнү пландап жаткан.

"Экспорттун кыскарышы мамлекеттин бюджетинин кирешесин азайтат. Ал эми Австралия чындыгында Катарды четке сүрүп коюшу мүмкүн", — деген Bloomberg.

Анткен менен серепчилер падышалыкка акыр аягында баары бир алкымын бир аз тыйганга туура келет деп божомолдоп жатат.

"Газ ташыгычтардын тартыштыгы 2018-жылдан бери байкалып эле келе жатат. Буга деңиз жолу менен ташыган баанын өсүшү мисал. Катар азыр да бул маселе менен бет келиши мүмкүн. Учурдагы кырдаалда Катардын суюлтулган газдын баасын арзандатышы кымбаттоого тушуктурат, эмне болгон күндө да ага суу транспортторунун ижарасы кошо эсептелет", — деп белгилеген өнөр жай боюнча көз карандысыз эксперт Леонид Хазанов.

Эгерде Катар баары бир бул "согушка" кире турган болсо, бычылган баа терс жыйынтыгын берет, тагыраагы, нефтинин апрелдеги абалы кайталанат. Бирок башкы жагымсыз нерсе — аны казып алуу өндүрүштүн өз баасынын анча кымбат эместигине карабай рентабелдүү болбой калат.

Ким утулат?

Эксперттер Катар бааны төмөндөтүп жиберсе, ансыз да толтура болуп турган рынокко терс таасирин тийгизет деп эсептешет. Анткен менен Россия башкаларга салыштырмалуу көп деле чыгым тартпайт.

"Россияда суюлтулган газдын жергиликтүү өндүрүшкө, сатууга карата ролу өтө деле зор эмес. Ал эми түтүк менен ташып келинген продукция боюнча айтсак, ал узак мөөнөттүү келишимдер менен экспорттолуп, баш тарткан учурда ири тарифтер пайда болмок. Андыктан бул жааттан алып караганда, көмүр суутектүү күйүүчү заттарды сатуудан көбүрөөк киреше түшкөн россиялык бюджет үчүн болочоктогу кыйынчылык туурасында айтуу эртелик кылат", — деген Хазанов.

Нью-Йоркская фондовая биржа - Sputnik Кыргызстан
Нефтинин кымбат баасы качан кайтат? Саресеп
Эгерде газ түтүгүн XXI кылымдын биринчи он жылдыгында пландалгандай падышалыктан Түркияга алып, андан ары Nabucco долбооруна бириктирген болсо, Катар Россиянын газдан түшкөн кирешесин уратмак. Бирок Катар менен Сауд Аравиясынын пикир келишпестиги жана Сириядагы жарандык согуш бул долбоорго тоскоол болгон. Жайында Nabucco "Түрк агымына" жол бошотуп берген...

Катардын бул кадамынан биринчи иретте акыркы жылдары суюлтулган газды Европа өлкөлөрүнө жеткирүүгө абдан кызыкдар болуп жүргөн америкалыктар кыйналат.

Бул стратегия туңгуюкка кептелди: европалык колдонуучулар океан ары жагынан келген сырьёдон баш тартып жатат, себеби аларга жанында турган Россиянын жаратылыш газын сатып алган алда канча пайдалуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0