Симптомсуз ооругандар вирусту башкага жуктурбайбы? ДССУ оозунан жаңылды

© REUTERS / Kim Kyung HoonМедициналык маска кийген адамдар. Архив
Медициналык маска кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетектөөчү адистеринин бири брифингде ооруну симптомсуз алып жүргөндөр коркунучтуу эмес деген. Мындай билдирүү сын-пикирлерди жаадырды.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Дүйнөлүк ЖМКларда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун "ооруну симптомсуз алып жүргөндөрдөн коронавирус жугары күмөн" деген билдирүүсү тарап кетти.

New York Times мындай маалымат менен 8-июнда ДССУнун COVID-19 боюнча иштеген техникалык жетекчиси Мария Ван Керкхове брифингге чыкканын айтты.

Адистин айтымында, мындай деп айтууга симптому жок бейтаптарга жана алар менен байланышта болгондорго байкоо салган өлкөлөрдүн отчёттору себеп болгон.

"Биздеги маалыматтарды алып карасак, ооруну симптому жок алып жүргөн адамдын башкага жуктурушунун чындыгы аз болуп жатат. Бизде бир канча өлкөлөрдүн отчёттору бар. Алар белгиси жок жүргөндөрдү жана байланышта болгондорду байкоого алып, андан ары жукканын аныктаган эмес. Мындай учурлар өтө сейрек болууда", — деген брифингде ДССУнун өкүлү.

Анын илдетти алып жүргөн мындай түрдөгү адамдардан оору жукпайт деп айтканы окумуштуулар менен эпидемиология жаатындагылардын сын пикирлерин жараткан.

Фабриканын ишкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматы: таттуу чыгарган "Рахат" фабрикасында 500 киши COVID жуктуруп алган
Эртеси, 9-июнда, жаңы брифингде Керкхове айтканын оңдоп, ал "өтө сейрек кездешет" деген сөздү туура эмес колдонуп алгандыгын билдирген.

"Өтө сейрек" деген сөздү колдонсом, симптомсуз берилген учур глобалдуу масштабда өтө сейрек кездешет дегендей түшүнбөстүктү жаратты. Бул жерде али жарыялана элек маалыматтарды, иликтенип жаткан топтордун түрлөрүн айткам", — деди ал.

Адис муну менен катар анын сөздөрү бир нече гана иликтөөгө таянып айтылгандыгын, алардын баары рецензиялоодон өтпөгөндүгүн да кошумчалаган.

"Мен суроолорго жооп бердим, ДССУнун саясатын бекемдеп же бул жаатта эч нерсе деген жокмун", — деп кошумчалаган ал.

Fox News Ван Керкховенин брифингдеги жаңылыштыгын медицина тармагындагы адистер, ал тургай кесиптештери да сындагандыгын кабарлады.

"Анан кантип ДССУга ишенебиз? Кечээ доктор Мария Ван Керкхове симптому жок коронавирустун таралышы өтө сейрек кездешет деди. Анан эмне болду? Ал айткан сөзүн бүгүн кайра артка алды", — деген телеканалга медицина боюнча кабарчы Марк Зигель.

Ишке болгон мындай мамиле ДССУнун да кызматкерлерине жаккан эмес.

Дезинфекция жүргүзүп жаткан жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда карантин 1-августка чейин улантылып, аймактар түстөргө бөлүндү
"ДССУнун биринчи жана башкы милдети — илимде лидер болуу. Ал эми ири уюм эч кандай негизи жок эле илимде бири-бирине карама-каршы келген пикирлерди билдирип же жар салып жатса, бедели кадимкидей түшөт", — деген ДССУнун ден соолук жаатында улуттук жана глобалдуу мыйзамдар боюнча кызматташуу борборунун директору Лоуренс Гостин.

ДССУнун өкүлдөрү кийинчерээк коронавирусту симптому жок алып жүргөндөрдүн коопсуздугу боюнча маселе мындан кийин да бекемдөөнү талап кылган суроолордун бири экендигин айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0