ЖККУ 18 жыл мурун түзүлгөн. Бул аскерий-саясий блокко Россия, Белоруссия, Армения, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан болуп алты мамлекет кирет.
Кызматка ушул жылдын башында келген ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась биринчи жолу маек куруп, РИА Новости агенттигинин кабарчысы Елена Протопопова менен баарлашты. Ал өз сөзүндө ЖККУ менен НАТОнун ортосунда согуш чыгуу кооптуулугунун бар-жогу тууралуу айтып, уюмдун жетишкендиги жана келечеги, ошондой эле блокто коронавируска каршы күрөш кандай жүрүп жатканы тууралуу кеп козгоду.
— 15-майда уюм 18ге "толду". Бирок келишимге 1992-жылы эле кол коюлуп, ЖККУнун өзү 10 жылдан кийин иштей баштады. Бүгүнкү күндө уюмдун эл аралык коопсуздукту камсыз кылуудагы ордун кандай баалайсыз?
— Азыркы тапта ЖККУ толук кандуу эл аралык уюм, минтип айтууга негиз жетиштүү. Уюмдун иштөөсү үчүн укуктук база түзүлүп, коюлган маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Башкаруу жана камсыздоо системасы, ошондой эле күч жана каражатты биргелешип даярдоо системасы иштелип чыккан. ЖККУнун максаты — тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздук менен стабилдүүлүктү камсыздоо, жамааттык негизде көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүүлүктү жана мүчө мамлекеттердин эгемендигин сактоо.
Бүгүнкү күндө ЖККУ коопсуздукту камсыздаган эл аралык уюм, структура, союздардын арасында өз ордун тапкан. Террорчулукка каршы күрөшүү, баңгизатка каршы туруу жана тынчтык орнотуу жаатында БУУнун структуралары менен тыгыз байланышта иш алып барабыз. ЕККУ менен да мамилебиз жакшы. КМШ, ШКУ менен өнөктөштүк алакадабыз, Кызыл чырымдын эл аралык комитети менен иштешебиз. Башкача айтканда, ЖККУ коопсуздук камсыздоо боюнча эл аралык системада өз ордун тапты.
— Мындай туруктуулук уюмга башка өлкөлөрдү тартышы мүмкүнбү?
— Албетте, бул ЖККУнун артыкчылыктуу багыттарынын бири. Башка мамлекеттердин өнөктөш жана байкоочу макамы менен кириши үчүн механизм иштелип чыккан. Азыркы тапта байкоочу жана өнөктөш институтун киргизүү боюнча негизги документтер кабыл алынды, парламенттер тарабынан ратификация процесси да аягына чыгып калды.
Байкоочулук макам ЖККУнун укук-ченемдик базасын, тажрыйбасын карап өздөштүрүүгө, жыйындарга, ар кандай иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми өнөктөш мамлекеттин укугу кеңирирээк. Бул өлкө уюмдун алкагында сүйлөшүлгөн эл аралык келишимдерге кошулууга, ЖККУ органдарынын жыйынына катышып, кеңешүүчү добшука ээ болот. Мындан тышкары, окутууларга, ыкчам-профилактикалык иш-чараларга катыша алат. Бирок байкоочу жана өнөктөш болом деген мамлекеттер БУУнун мүчөсү болуп, ЖККУ өлкөлөрүнүн ар бири менен дипломатиялык мамиледе болушу зарыл. Ошону менен бирге өнөктөштөр согуштук аракеттерден оолак болушу кажет.
— Уюмга кирет элем деген мамлекет барбы?
— Ратификация аяктаары менен бул форматты ишке ашырууга юридикалык укук алабыз. Пландар бар. Бул багытта Армения менен Белоруссиядагы жолугушууларда тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөм. Россия президенти Владимир Путин менен да, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да талкууланган. Тилекке каршы, азыр башка өлкөлөргө бара албай жатабыз. Бирок бул теманы 26-майда өтчү видеоконференцияда көтөрүү ниетибиз бар.
— Демек, анык бир талапкерлер бар экен да? Мисалы, 2012-жылга чейин ЖККУга мүчө болгон Өзбекстанды айтсак болобу?
Ал эми Өзбекстан боюнча да айта кетейин. Бул ажайып өлкөдө ушу тапта прогрессивдүү өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Келечеги кең, ЖККУнун бардык мүчөсү менен алакасы жакшы, блоктун курамында иштөө тажрыйбасы бар. Өзбекстан мен жогоруда айткан критерийлердин баарына жооп берет. Эгер Ташкент буга өзү кызыкдар болсо, өз ара кызматташуунун ар кыл варианттарын талкуулоого даярбыз. Анын ичинде байкоочу жана өнөктөш макамынын алкагында каралган мүмкүнчүлүктөр да эске алынат.