Москвада окуучу кааласа мектепке барбай койсо болот. Жаңы эреже

© Sputnik / Табылды КадырбековРюкзаки учеников во время занятий в средней общеобразовательной школе. Архивное фото
Рюкзаки учеников во время занятий в средней общеобразовательной школе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчы өз блогунда жаңы эреже 16-марттан тарта иштей баштаарын жана баланы окууга жиберүү же жибербөө чечимин ата-энелер өздөрү кабыл аларын айтты.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Москва мэриясы COVID-19 вирусунун айынан мектеп окуучуларына сабакка эркин катышууга уруксат берди. Шаар жетекчиси Сергей Собяниндин бул тууралуу жарлыгы муниципалитеттин сайтына жарыяланды.

Шаар башчы өз блогунда жаңы эреже 16-марттан тарта иштей баштаарын жана баланы окууга жиберүү же жибербөө чечимин ата-энелер өздөрү кабыл аларын билдирди.

"Үйдө отурган балдар үчүн дистанциялык билим берүү башталышы керек. Москванын электрондук мектеби жана башка техникалык шарттар сапатты жоготпой билим берүүгө толугу менен мүмкүндүк берет", — деди ал.

Негизи мектептер адаттагыдай эле иштей берет. Каалаган ата-энелер балдарын сабакка жиберет.

Мындан тышкары, мэр кооптуу өлкөлөрдөн келген мугалимдерди мектептерге киргизбөө тууралуу талап койду. Анын айтымында, мындай мугалимдер 14 күнгө өздөрү билип эле үйүнөн чыкпашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0