Чукул кабар! Коронавирус пандемиясы жарыяланды

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүГонконгкто шаардыктар медициналык маскачан. Архив
Гонконгкто шаардыктар медициналык маскачан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 вирусун 121 миңден ашуун киши жуктурду. Алардын арасынан 4 миңден ашыгы каза болду.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялады. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун сөзүнө таянып РИА Новости билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 вирусун 121 миңден ашуун киши жуктурган. Алардын арасынан 4 миңден ашыгы каза болгон.

Пандемия — жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөгө, континентке массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар каттала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0