Владимир Путинге Кытайдын эң жогорку сыйлыгы тапшырылды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүГосударственный визит президента РФ В. Путина в Китай
Государственный визит президента РФ В. Путина в Китай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай менен Россиянын ортосунда достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге 2001-жылы кол коюлган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путинге Кытайдын эң жогорку сыйлыгы болуп эсептелген Кытай Эл Республикасынын Достук төш белгиси тапшырылды. Бул туурасында РИА Новости агенттиги жазды.

"Улуу державанын лидери Владимир Путин кытай-орус кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүп, анын өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан башкаруучу. Мен үчүн Путин эң жакын жана жакшы дос. Кытайга иш сапары менен 19-жолу келип жатат”, — деди Кытай лидери Си Цзиньпин.

Төш белги Россия президентине анын Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ыйгарылды. 

​Кытай менен Россиянын ортосунда достук жана кызматтыштык жөнүндө эки тараптуу келишинге 2001-жылы кол коюлган. 

КЭРдин Достук төш белгиси 2016-жылдын 1-январындагы мыйзамына ылайык негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0