Окумуштуулар ашыкча салмактын пайдасын айтып беришти

© AFP / STF / AFP FILESТолук аял. Архив
Толук аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Толук адамдар өпкө кагынган жана кан зилдеп кеткен илдетке чалдыкса, арыктарга салыштырмалуу жакшы туруштук бере алары айтылды.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Инфекция жуктуруп, катуу ооруган толук адамдар арыктарга же орточо салмактагыларга караганда жашап кетүү мүмкүнчүлүгү эки эсеге көп. Бул туурасында РИА Новости The Independent басылмасына шилтеме кылып жазды.

Проблема с ожирением в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Арыкташ керек эле... Адистер семирип кетүүнүн 10 себебин айтты
Мындай тыянак тууралуу Орхус университетинин алдындагы клиникалык эпидемиология боюнча департаментинин ооруканасынын дарыгери Сигрид Грибсхольт айтып берген. Аталган илимпоз башында турган адистер ооруканага капыстан катуу болуп түшкөн жана операция жасалган 18 миң адамды изилдеп чыккан. Бул иштер 2011-2015-жылдар аралыгында жасалган.

Адистер ооруканадан үйүнө чыккандан 90 күндөн кийин каза тапкандарды изилдеп, толук адамдардын арыктарга же орточо салмактагыларга караганда өлүп калуу ыкмалдыгы 40 пайызга аз экенин аныктап чыккан. Ал эми өтө эле семирип кеткендердин пайыздык көрсөткүчү 50 болгон.

Доктор Грибсхольт таңгалдырган мындай тыянакты чечмелеп бергенген аракет кылган.

"Кыязы толук адамдарга катуу ооруга туруштук бере алга турган энергия көбүрөөк топтолот окшойт", — деген дарыгер.

The Independent бул изилдөөдөн сырткары Техастагы (АКШ) жана Тайвандагы окумуштуу медиктер миңдеген ооруларды изилдеген учурду кошумчалаган. Анда толук адамдар өпкө кагынганда жана кан зилдеп кеткен илдетке чалдыкса, арыктарга салыштырмалуу жакшы туруштук бере алары жазылган.

Буга чейин окумуштуулар иш ордунда кантип арыктаса болорун айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0