Нью-Йоркто турак жайда чыккан өрттөн 12 киши каза болду

© REUTERS / Amr AlfikyПожар в жилом доме в Нью-Йорке
Пожар в жилом доме в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэри күйгөн имараттан жабыркагандар менен каза болгондорду издөө иштери улантылып жатканын айтты

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Нью-Йоркто турак жайда чыккан өрттөн 12 киши каза болду, анын ичинде бир өспүрүм бар. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги New York Times гезитине таянуу менен билдирди.

​Алгачкы маалыматтар боюнча тогуз киши каза болуп, 15 киши оор жаракат алганы кабарланган. Шаар мэри Билл Де Блазионун айтымында, 12 кишини куткарууга мүмкүн болду. Күйүп жаткан имараттын ичинен жабыр тарткандар менен каза болгондорду издөө аракети уланууда.

Өрттөнүп кеткен беш кабаттуу үй Бронкс аймагында болчу. Жалынды өчүрүүгө 160тан ашык өрт өчүрүүчү тартылганы айтылат. Жабыркаган имарат АКШдагы эң чоң зоопарктан анча алыс эмес жерде жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0