08:14 11 Бештин айы 2017
Түз эфир
Москвадагы Шереметьево аэропорту. Архивдик сүрөт

Москва: "Шереметьево" аэропортунда аба ырайынан улам 20 каттам токтотулду

© Sputnik / Илья Питалев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
479 0 0

Булардан сырткары 58 каттам кечирээк убакытка жылдырылган

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Москвадагы начар аба ырайынан улам "Аэрофлот" "Шереметьево" аба майданында ары-бери каттаган 20 рейсти токтотту. Бул туурасында РИА Новости аталган авиакомпаниянын сайтындагы маалыматка таянып кабарлады.

Буга чейин тогуз каттамдын токтотулгандыгы айтылган эле.

"Шереметьево" аэропортунун толук иштей албай жаткандыгынан улам "Аэрофлот" 2-декабрдагы каттамдарынын жүгүртмөсүн өзгөрттү", — деп айтылат маалыматта.

Тагыраагы, бүгүн Красноярск, Ростов-на-Дону, Минерал суулары, Дюссельдорф, Краснодар, Минск, Милан, Рим жана Стамбул ортосундагы учуулар токтотулган. Булардан сырткары 58 кечирээк убакытка жылдырылган.

Синоптиктер Москвадагы кардан, жамгыр жана шамалдан улам жаралган кооптуулукка сары деңгээл деп аныктама берди.

Аба ырайынын катаал шартынан улам учурда "Шереметьевонун" учуп-конуу тилкеси 55 каттамдын ордуна 20 каттамды кабыл алып жана учуруп жаткандыгын айтышты.

Тема боюнча

Кыргызстанда VIP салондуу учак сатыкка коюлат. Сүрөт
Белгилер:
каттам, учак, кар, аэропорт, "Шереметьево" аба майданы, Москва
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ