Индонезияда жети метрлик питон адамды жутуп алды

© flickr.com / Chris ParkerНеядовитый вид змей Питон
Неядовитый вид змей Питон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талаадан түшүм жыйноого чыгып жоголуп кеткен адамды айылдаштары питондун ичинен табышкан.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Индонезиянын бир айылында узундугу жети метрге жеткен питон адамды жутуп алды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

​Маалыматка ылайык, жергиликтүү айылдын 25 жаштагы тургуну Акбар Салубиро талаадан түшүм жыйноого чыгып жоголуп кеткен. Андан соң аны издөө ишине туугандары менен достору чыккан. Жыйынтыгында Салубиронун үйүнөн жети метрлик жылан табылган.

"Айылдаштары питондун ичин жарганда ичинен жоголуп кеткен адамдын сөөгү чыккан. Жылан 25 жаштагы тургунду муунтуп, жутуп алгандыгы болжолдонууда", — деп жазат басылма.

Кошуналары каза адам болгон жоголгон күнү кыйкырыктарды укканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0