16:51 28 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7984
  • EUR101.1815
  • RUB1.1178
Видео

Кыялдарды талкалайт! Спорт агенттиги коррупцияга каршы видеоролик чыгарды

Кыскача шилтеме алуу
118 0 0
© YouTube / sport.gov.kg

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги мамлекеттик спорт мекемелеринде ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө каршы видеоролик даярдады.

Ролик дене тарбия жана спорт тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, ошондой эле кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында тартылганы белгиленет.

Анда спортко шыктанган бала жөнүндө баяндалат. Апасы спорт мектебине алып келсе, андан акча талап кылгандыктан тапшыра албай калган.

"Балдарыбыздын кыялдарын талкалоого жана коррупцияга жол бербейли!" — деген чакырык ташталган роликте.

Белгилей кетсек, мамлекеттик спорт мекемелеринде балдарды жана жаштарды спортко машыктыруу акысыз жүргүзүлөт.

Тема боюнча

Валентина Шевченко карьерасын качан жана кантип жыйынтыктай турганын айтты
Коррупцияны алдын алат. КРде спорт мектептердин маалымат базасы түзүлдү
Белгилер:
кыялдануу, видео, бала, коррупция, спорт

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ