00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Ооруну жеңип 90го чыгам" дечү эле... Элмирбек акын түбөлүк жайга узады. Видео

Жазылуу
Бүгүн көп кырдуу таланттын ээси Элмирбек Иманалиев акыркы сапарга узады. Алп акындын акка моюн сунушу кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болду.

Ак таңдай акын менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги үйүнүн алдында болду. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам ага жакын адамдары гана катышып, талантын сыйлаган эли топурак сала албай калды.

Бийлик өкүлдөрүнөн маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун атынан кеңешчиси Султан Раев барып көңүл айтты. 

"Президент өзү ушул жерге келип Элмирбек инисинин башында турайын деп чын жүрөктөн чыккан тилегин айтты эле. Бирок эми өзүңүздөр билип турасыздар, кырдаал бүгүн башкача", — деди Раев. 

Буулуккан булбул жайын тапты... Эл уулу Элмирбек менен коштошуудагы ирмемдер - Sputnik Кыргызстан
Буулуккан булбул жайын тапты... Эл уулу Элмирбек менен коштошуудагы ирмемдер
Жогорку Кеңештин депутаты,  "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз бул дүйнөдөн далай залкарлар өткөнүн, өлүм ак экенин моюндап, бирок Элмирбек Иманалиев жаш бойдон кете бергенине каңырыгы түтөп, көз жашын тыя алган жок.

"Кезинде Улукбек, Омар Хайям, Баласагын, Махмуд Кашгари өтүптүр. Бирок жок дегенде 50 жашка чыкса эмне?.. 50 жаш тою болгондо кыргызга дүңгүрөтүп той кылбайт белек. Кыргыздын улуу инсаны, кыргыздын сөзүн аздектеген, кыргыздын көтөргөн кылычы, сундурган найзасы Элмирбек деп жети дубанды кыдырып той берсек жарашпайт беле. 42 жаш деген эмне?! Карачы, кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турабыз. Элмирбек ырдын пири болуп, кайсы жерге барбасын улуу кыргызды даңктап, улуу сереге жеткирип жүрдү", — деди Шер-Нияз.

Ал эми акындын санаалашы, жакын досу Жеңишбек Жумакадыр көөдөндөн чыккан муңун ырга салып айтып берди. 

Алыстап бизден бекиндиң, досум,
Арманга салып эзилдим, досум.

Айтышарга жанымда сен жок,
Азыр мен билсең жетиммин, досум.

Ажалдан алып кала албай,
Алсызбыз, бизди кечиргин, досум.

Замандын айткан чындыгын, Элмир,
Санатың жашайт миң кылым, Элмир.

Жылт эткен өмүр бизде да бүтөт,
Жылмайып тосуп тургунуң, Элмир.

Коштогон арман кургурум, Элмир,
Кош болгун досум булбулум, Элмир.

Ак таңдай акындын шакирти, "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов устаты кант диабети менен көп жылдан бери алышып жүргөнүн айтты.

"Буюрса, бул ооруну жеңем, мен токсонго чыгам", — деп калчу. Биз дагы "Кудай буюрса, мыкты аксакал болосуз, казактын Жамбылы деле 100 жашка чыккан экен, кыргыздын Элмирбеги кантип 100гө чыкпасын" деген тилектерди айтчу элек. "Элмирбек эмнеден өлдү?" десе, жердин, элдин кайгысынан өлдү дейбиз. Ал жерибиз сатылып, элибиз тентип кеткенин ойлоп, бийликке далай кайрылуу жасап жүрдү. Жакшы сөзүн да арнады, аягында катуу сындап да, каргап да көрдү. Бул кишини тек гана өнөрпоз же эл артисти деп айтпастан, Кыргыз эл баатыры десек болот. Устатыбыз жөнүндө ырдай турган ырыбыз дагы, айта турган сөзүбүздүн баары алдыда", — деп эскерет шакирти.

Акын Элмирбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан
Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны
Элмирбек Иманалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө улуу инсандар Муса Баетов, Тууганбай Абдиев жана Ашыралы Айталиевдин жанына коюлду.

Акын оорудан улам 42 жашында акка моюн сунду. 20-апрелде кечинде ооруканага түшүп, тилекке каршы, ак халатчандар аны сактап кала алган эмес. Артында үч уул, үч кызы жоктоп кала берди.

Элмирбек Иманалиев кыргыз-казак элине аттын кашкасындай таанымал акын, КРдин эл артисти наамын алган.

Анын төкмөлүктөн тышкары обончулук, акындык, манасчылык өнөрдү аркалаган көп кырдуу талант болчу. Нечендеген шакирт даярдап, азыркы төкмөлөрдүн сап башындагы алп акын эле.

Залкардын элине калтырып кеткен мыкты чыгармалары, мукамдуу ырлар ага экинчи өмүр берери талашсыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0