Арабадагы майып Бишкектин бир да имаратына кире албай... Көйгөйлүү видео

Жазылуу
"Майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүн буту-колу соо киши көп деле түшүнбөйт",- дейт буту баспаган Дастан Алымбеков. Арабада отурган жигит Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчыларына калаадагы көйгөйлүү жерлерди көрсөтүп чыкты.

20 жаштагы Дастандын бала кезинен буту баспайт. Бой жеткенде ата-энеси анын өз алдынча жүрүүсүнө ыңгайлуу болсун деп чакан араба сатып берген. Бирок анысы менен деле Бишкекти кыдыруу кыйын экен.

"Бишкекте соода борборлорунан башка имараттарга кирүү оор. Пандустарына арабабыз батпайт, бийик, тайгалак болгондуктан чыга албайбыз. Эки-үч адам араң түртүп чыгарат. Менин арабам кичинекей, чакан. Ошондо да аны менен жүрүү кыйын. Ал эми чоң, стандарт арабада отургандар шаарда өзү жалгыз тургай, бир киши менен да жүрө албайт", — деди Алымбеков.

Дастан арабасы менен көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан араң түштү. Эски эмес, жаңы салынып жаткан турак жайларда деле арабачандар эске алынбаптыр. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваДастан Алымбеков: Бишкекте соода борборлорунан башка имараттарга кирүү оор. Пандустарына арабабыз батпайт, бийик, тайгалак болгондуктан чыга албайбыз.
Арабадагы майып Бишкектин бир да имаратына кире албай... Көйгөйлүү видео - Sputnik Кыргызстан
Дастан Алымбеков: Бишкекте соода борборлорунан башка имараттарга кирүү оор. Пандустарына арабабыз батпайт, бийик, тайгалак болгондуктан чыга албайбыз.

Алгач мэрия эки жыл мурда реконструкциялаган Чүй — Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөккө бардык. Эске салсак, буга чейин мэриянын кишилери ал жактагы арабачандарга делген көтөргүч иштеп баштаганын көрсөтүп берген.

Биз барган учурда ал өйдө көтөрүлгөн менен ачылбай койду. Мындан улам мэрия өкүлдөрүн чакырууга туура келди. Муниципалитеттен келген адам башында көтөргүчтүн иштебей жатканын "электр энергия менен иштегендиктен, жарык өчкөндө отуруп калыптыр" деп түшүндүргөн. Бирок ар кайсы баскычын басып жатып эптеп иштетти. 

Ал эми пандустарынан майып эмес, соо адам түшө алгыдай эмес.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваДастан Алымбеков Чүй — Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктүн алдында
Арабадагы майып Бишкектин бир да имаратына кире албай... Көйгөйлүү видео - Sputnik Кыргызстан
Дастан Алымбеков Чүй — Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктүн алдында

Андан соң "Мадина" базарынын жанындагы жер үстүндөгү өтмөккө бардык. Майып, улгайгандарга деп салынган лифт иштебей туруптур. Эшиги дагы бек экен. Пандустарынан көтөрүлүп көрөлү десек, ал жактан да майнап чыккан жок. Себеби Дастандын арабасы пандуска батпай калды. Жер үстүндөгү өтмөккө арабада отурган адам эмес, бала сүйрөгөн коляска менен деле чыга алгыдай эмес.

"Чакан деген менин арабам батпай жатат. Башкалар такыр эле чыга албайт го. Мэрия жок дегенде лифтти иштетип берип койсо, бул бийик тепкичтен улгайгандар деле чыга алгыдай эмес", — деди Дастан.

Жашоом өзгөрдү... Майыптыгы бар кыздар бет боеп, тырмак жасаганды үйрөнүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жашоом өзгөрдү... Майыптыгы бар кыздар бет боеп, тырмак жасаганды үйрөнүүдө
Баса, бул жер үстүндөгү өтмөктөрдү курууга 17-18 миллион сомдой акча сарпталган.

Майыптыгы бар арабачандарга тротуарлардан жүрүү, ооруканаларга кирүү да кыйын экен. Ошондой эле улуттук филармония жаңы гана реконструкция болгону менен бир жерине да пандус салынбаптыр.

Жолдон өтүп баратып мэриянын имаратында пандустун бар-жогун текшере кеттик. Имараттын сырткы пандусунун салынышы Дастандын купулуна толду. Бирок мекеменин ичинде пандус жок болуп чыкты.

"Арабада отурган майыптар мэриянын кабылдамасына чейин эле кирип, андан ары бара алгыдай эмес", — деди Алымбеков.

Арабадагы майып коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент - Sputnik Кыргызстан
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
Арабада отургандарга коомдук транспорттордо да шарт жокко эсе. Аларды жаңы келген автобус, троллейбустар гана албаса, маршрутка айдоочулар токтоп да койбойт.

Кыргызстан жакында эле БУУнун Майыптардын укугу боюнча конвенциясын ратификациялады. Өлкө бийлиги майыптыгы бар адамдарга эми шарт түзүп, калаадагы жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөр чечилээр...

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0