Он миңдеген киши өмүрүн тобокелге салган. Өлкөдөгү жолдордун курулушу видеодо

Жазылуу
Өлкөнүн күрөө тамыры болгон жолдор кантип салынганын архивдеги видеолордон көрүңүз.

Чоң Чүй каналынын көмүскө сырлары - Sputnik Кыргызстан
Өлгөндөрдү көмүүгө чоло жок болчу... Чоң Чүй каналынын көмүскө сырлары
Миңдеген киши чукулук, күрөк менен Бишкектен Ысык-Көлгө жана Ошко чейинки жолду салган.

Кыргызстан үчүн абдан маанилүү болгон жолдор кантип салынганын кылымдын курулушуна катышкандар өздөрү айтып беришти. 30-жылдары Бишкек — Каракол жолун салууга катышкан Аске Бошкоеванын айтымында, ал учурда жыргаган деле техника болгон эмес.

"Көп эле нерсе жетишчү эмес, анан калса курсагыбыз тоё тамак деле ичкен жокпуз. Азыркыдай техниканы элестетчү деле эмеспиз. Колубузга күрөк же кетмен алып ишке чыкчубуз. Жол салабыз деп тоо-ташты тештик, эч ким моюн толгоп иштебей койгон жок. Эркектер жерди казса, кыздар топурак ташычубуз", — деди ал.

Согуштан кийин гана бийлик жолдун курулушуна жетерлик каражат бөлгөн. Кыргыз ССРине ошол убактагы эң заманбап техника алынып келген. Ал эми тоодогу тоннелдерди Москвадагы метрополитенди кургандар салган.

Кылым курулушу болгон жолдор тууралуу Sputnik агенттигинин лонгридинен окуңуздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0