Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов спортчуга калпак, чепкен кийгизип, ийгилик каалады.
Эскерте кетсек, Трнава (Словакия) шаарында жаштар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 17-сентябрда башталган. Кыргызстандык грек-рим күрөшчүлөрү Эрбол Бакиров 63 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпиону болсо, Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта коло медалды багындырды.
Махмудовду да Оштон күйөрмандары жакшы маанай менен тосуп алышты.