Москвадагы кырсык: айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын айтып берди

Жазылуу
Телеканалдын маалыматына караганда, ал түнү 21 жаштагы жигит достору менен карындашынын 18 жашка чыкканын майрамдаган.

Москванын Марьино районунда кыргызстандыктарды унаа менен тебелетип салды деп шектелип жаткан айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын РЕН ТВ каналына айтып берди.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы элчилик: беш кишинин абалы оор
Эске салсак, бүгүн эртең менен Москванын Новочеркасский бульварында рулда отурган адам кыргызстандык мекендештерин тебелетип кеткендиги туурасында маалымат тараган. Анда 21 жаштагы Бекжан Сарбишев аттуу шектүүнүн кармалгандыгы кабарланган.

Кийинчерээк ал Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында төрөлүп, кийин Россиянын жарандыгын алганы айтылган.

Телеканалдын маалыматына караганда, ал түнү 21 жаштагы жигит достору менен карындашынын 18 жашка чыкканын майрамдаган. 

"Биз тарапка бир нече эркек келип мага тийишти. Агамдын эскерткенине карабай, асыла башташканда ортодо чатак чыгып кетти. Алар агама кол көтөрүштү”, — деди кыз.

Анын айтымында, Сарбишев жинденип тургандыктан, унааны башкара албай, тормоздун ордуна газды басып алган. 

Окуянын жоо-жайын Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0