Билими:
2002 — Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академияны аяктаган;
2009 — Ош технологиялык университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1986-1990 — Ош шаарында кирпич зоводунда кызматкер;
1990-1994 — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери;
1994-2004 — жеке ишкер;
2004-2005 — "Ошкрастекс" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары;
2005-2007 — КР Жогорку Кеңеш депутатынын референти;
2008 — Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүндө башкы адиси;
2008-2009 —Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын социалдык-протоколдук камсыз кылуу бөлүмүндө сектор башчысы;
2009-2010 — Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын имараттарды пайдалануу жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2010-2011 — Жогорку Кеңештин Москва шаарындагы атайын өкүлү;
2012 — Эсептөө палатасында аудитор;
2015 — КР Жогорку Кенешинин VI чакырылышында "Кыргызстан" партиясынан депутат.
Мамлекеттик кызматтынын 3-класстагы кеңешчиси.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.