Планшеттен видео көрүп бараткан маршрутканын айдоочусу 200 сомдук айып тартты

Жазылуу
Өткөн ишемби күнү Бишкекте маршрутка айдап бара жатып, планшетен видео көргөн айдоочу кармалган

Рулда бара жатып видео көргөн маршрутканын айдоочусу эскертүү алып, Административдик кодекстин 239-беренесине ылайык 200 сом өлчөмүндө айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан билдиришти.

"Жол эрежесин бузган айдоочуну издөө менен ЖКККБдин техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Белек Алымов алектенди. Айдоочу бул кылганы үчүн өкүнүп жатканын айтып, экинчи мындай көрүнүш кайталанбайт деп сөз берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 16-февраль күнү кечки саат жетилер чамасында №204 маршрутканын айдоочусу жүргүнчүлөрдүн нааразы болгонуна карабай, рулда бара жатып, бир нече мүнөт бою планшеттен видео көргөн.

Ал эми айдоочу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына планшетти жанындагы агасынын кызы видео көрөм дегенинен иштетип койгонун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0