Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Осьминог" рестораны өрттөнүп кетти. Тилсиз жоонун видеосу соцтармакка жарыяланган.
Өрттүн видеосун интернетке биринчилерден болуп Турат Исалиев аттуу колдонуучу жайгаштырган.
Автор тилсиз жоо Бостери айылында таңга жуук 4.30дар чамасында болгонун жазган. Кырсык болгон жерде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеген.
"Катуу үн чыкты. Өрт коңшу үч үйгө жайылып, экөө өчүрүлүп, бирөө дагы деле күйүп жатат. Кафе иштебегендиктен ичине электр жарыгы менен газ киргизилген эмес", — деп жазган автор.
Ал "Осьминог" рестораны саясатчы Өмүрбек Бабановдун бир тууганына таандык экенин кошумчалаган.
Говорят сгорел ресторан "Осьминог" в Бостерях. Кто в курсе? pic.twitter.com/P4LHXM1HQ1
— kgdaddy (@6Uneepx0il7oWNr) 7 января 2018 г.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдагандай, өрт болжол менен эртең мененки саат 7:00дө өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн себептери такталууда.