Кыргызча түшүнбөгөн KyrgyzClub-Germany клубунун төрагасы Бакыт Көбөгөнов болуп чыкты. Ал эми анын орусча сүйлөгөнүн "түшүнбөйм, кыргызча сүйлө" деп талап кылган кишини Германияда жашап, иштеген адам деп боолголоого болот.
Анда белгисиз адам эмне үчүн Акаев менен жолугуу улам үзгүлтүккө учурап жаткандыгына нааразылыгын билдирип, алгач полиция кызматкерлерине барган. Бир аздан кийин KyrgyzClub-Germany клубунун төрагасы ал кишини четке чакырып алып, абалды түшүндүрүүгө аракет кылган. Ошол жерден эки кыргыз бири-бирин эне тилинде түшүнө албай, "анда немисче сүйлөшөлү" деп сөз бекитишкенин көрүүгө болот. Экөөнү ары жакта камерага тартып жаткан, качандыр бир кезде өмүрүнө кооптуулук туулуп, аёосуз сабалып, чет өлкөдөн баш калка издеп Кыргызстандан чыгып кеткен экс-журналист Кайрат Биримкулов да кошулат. Ошентип үч кыргыздын немис тилинде Акаев менен жолугуу эмне имараттын ичинде болбой калганын талкуулап жаткандыгына күбө болобуз.
Уюштуруучу өзү да буга нааразы болуп жатканын айтты.
Ал эми сурап жаткан киши "сен уюштуруучусуң да" деп аны жарга такап жатат.
Уюшуруучу жооп иретинде алар Акаевдер менен чогуу элчиликке барганын, ал жерден болбой, отелге келгенин, мейманканадан да саясий өңүттөгү жолугуу деп чыгарып жибергендигин билдирди.
Экөөнүн диалогунан улам жолугуучу жайды киреге алган акчаны "башкы конок" төлөгөнү аныкталган. Алар анда полицияны ким чакырганын сураштырып жатканын угууга болот.
Эске салсак, Акаев 9-декабрь күнү жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет болуп Германиядан мекендештери менен жолугуу учурунда ага нааразы киши жумуртка ыргытып, ал жердегилер ызылдашып кетишкен. Атасына болушкан Бермет Акаева жумуртка менен куралданган кишини кол чатыр менен бир нече ирет чаап калган.