Кечирим сурап чөгөлөбөйм! Атамбаев агынан жарылды

Жазылуу
15-ноябрь күнү Бишкекте Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгынын астында өтүп, мамлекет башчы Казакстандын бийлик органдары менен ЕАЭБге бир катар сын айтты

Өлкө лидери бизнести өнүктүрүү үчүн ири рынок керек экенин айтып, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине чоң үмүт менен киргенин белгиледи. Ал ошондой эле бул уюмга кирүү чечими туура болгонун, өлкө анын курамында калуусу керектигин айтып, бирок мамлекет бир айдан ашык убакыттан бери ЕАЭБден бөлүнүп калганын кошумчалады.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Жээнбековго: досум, мени уят кылбай таза иште!
"Мунун баары Казакстандын жетекчилигинин обу жоктугунан болуп жатат… Муну бир гана акылсыздар менен түшүнгүсү келбегендер көрбөй, буйрутма берилген макалаларды жазышууда. Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап, ички саясатына кийлигишпөө талабына блокада коюшту. Эгер бардык нерсе келишимдерге эмес айрым президенттердин кежирлигинен көз каранды болсо анда ЕАЭБди цивилдүү экономикалык блок катары атоого болобу? Мени биримдиктеги өлкөлөр менен Евразия экономикалык биримдигинин жетекчиси Тигран Саргсяндын кош көңүл мамилеси таң калтырып жатат. Аларга баары бир экен", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле Казакстандын бийлигинин аракеттери менен ЕАЭБдин сырттан карап турушу уюмдун аброюн түшүрүп жатканын белгиледи.

Атамбаев жаңы шайланган президент менен премьер-министрди мындайга жол бербөөгө чакырды.

"Азыр дагы алдына чөгөлөп барып кечирим сурасын деп жатат. Муну мамлекеттин баркын бир тыйынча баалабаган "саясий сасыткылар" айтып жатат. Мен эмне үчүн кечирим сурашым керек? Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап, өлкөнүн ички ишине кийлигишпегиле деп талап кылганым үчүнбү? Кечиримди Атамбаев эмес, башка мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, өзүнүн "кол баласын" таңуулаганга аракет кылгандар сурасын. "Кол бала" отурат, бирок президенттик орунга эмес, түрмөгө", — деди президент.

Ал ошондой эле ар кандай блокадалар Кыргызстанды күчтүү кылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0