Жаштардан кем калышпай спорт залга барып машыккан Болот ата

Жазылуу
Карылыкка моюн сунбаган 80ге чыккан Болот Мамбеталиев машыгуучу зал ачып, кардарларга машыктыруучу болуп да эмгектенет.

Бишкек шаарында жашаган Болот Мамбеталиев 60 жашка чыккандан кийин гана спорт менен машыга баштаганын айтты. Башында аны бардыгы "карып калдың" дегенине карабай чымырканып, жаштардан кем калбай спорт залга бара баштаганын билдирди.

"Жашымды айтсам аябай таң каласыңар, мен 80ге чыктым. Бирок ага эч ким ишенбейт. 60ка чыккандан кийин машыга баштадым. Айрымдары "сиз карып калдыңыз, машыкканга болбойт" деп да айтып жүрүштү. Мен "силерге далилдеп берем" деп өзүмө сөз бердим. 62 жашымда пауэрлифтинг боюнча спорттун мастерлери жасаган нормативди аткардым. Булчуңдарымды чыңдадым", — деди ал.

Мамбеталиев алты жыл мурун насыя алып спорт зал ачканын баса белгиледи. Учурда бул жакта машыктыруучу болуп эмгектенип, оорудан кийин ден соолугун калыбына келтирем дегендерге жардам берип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0