Президент Атамбаевди Бельгия Королдугу жылуу тосуп алды

Жазылуу
Иш сапардын алкагында Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы кызматташтыкты тереӊдетүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу белгиленген.

Форум европейских и азиатских медиа 2015 - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кубан Таабалдиев: Атамбаев кеминде эле эки өлкөгө барат
Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 15-февралда иш сапары менен Бельгия Королдугуна конгондугун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчы Бельгия Королу Филипп, Европа биримдигинин төрагасы Дональд Туск, Европалык комиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Фредерик Могерини менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

"Анын жыйынтыгы менен Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы негизги багыттар боюнча кызматташтыкты тереӊдетүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу белгиленген", — деп айтылат маалыматта.

Андан соӊ Атамбаев жумушчу сапар менен Германиянын Мюнхен шаарына барып, ал жерде коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышат. Конференция учурунда президент Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугат. Эки өлкө башчы Кыргызстан менен Германия ортосундагы алака-катыштардын маанилүү маселелерин талкуулап, региондук жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча ой-пикир алышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0