Бүгүн, 23-октябрда, эртең менен Ички иштер министрлигинде кылмышкер Алтынбек Итибаевди жол кылуу боюнча атайын операцияда курман болгон атайын даярдыктагы ыкчам отряддын жоокери Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатында өкмөт башчы Темир Сариев сөз сүйлөп, кыргыз эли Төлөбектей уулдары болгон үчүн мамлекеттүүлүгүн, өз алдынчалуулугун, кубаттуулугун сактап келгенин белгилеп, жоокердин үй-бүлөсүнө, ата-энесине, жакындарына көңүл айтты.
Ички иштер министри Мелис Турганбаев түрмөдөн качып чыккан тогуз жанкечтини кармоо боюнча милиция күнү-түнү аракет жүргүзгөнүн белгилеп, Төлөбектей уулду тарбиялап өстүрүп берген ата-энесине таазим этти.
Курман болгон жоокер, милициянын капитаны Төлөбек Исмаиловдун сөөгү бүгүн кичи мекени Нарынга жеткирилет.