БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып, учурда "Достук" кичи районунда милиция менен атышып жаткан Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча ИИМдин атайын операциясын министр Мелис Турганбаев өзү жетектеп жатат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.
Буга чейин ИИМ ал жалгыз атышып жатпаганын, ага жардам Берген кимдир бирөөлөр экенин билдиришкен.
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болгон.
Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Бирөөсү Эдил Абдырахманов бүгүн "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болушту.