Башкы прокуратура Канат Исаевге Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси боюнча айып такты. Мекеме анын Өмүрбек Бабанов шайлоодон утулуп калса массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти басып алуу үчүн айрым адамдар менен жең ичинен сүйлөшкөнүн жар салды.