https://sputnik.kg/20260330/1100514991.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кыргыз-беларусь бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь... 30.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-30T15:00+0600
2026-03-30T15:00+0600
2026-03-30T15:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/1e/1100514825_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1c6e38ab800940e4941f696267b1a208.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кыргыз-беларусь бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айына Бишкек шаарында пландалып жаткан кыргыз-беларусь бизнес-форумуна карата даярдыктар Беларусь соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен талкууланды. "Бул бизнес-форум Кыргызстан менен Беларустун ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды тереңдетүү боюнча аракеттердин уландысы болуп эсептелет. 2025-жылдын июнь айында кыргыз-беларусь бизнес-форуму Минск шаарында өткөн", — деп белгиледи элчи. Ошондой эле Султанбаев белгилегендей, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштардын бекемделишин эске алуу менен Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү акыркы эки жылда дээрлик эки эсеге өстү.
MedExpo көргөзмөсүндө Россия Кыргызстанга медициналык жабдууларды жеткирүүдөн тарта кадрларды даярдап берүүгө чейин, тагыраагы, кеңири кызматташууну сунуштайт. Бул тууралуу Россиянын соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. MedExpo Kyrgyzstan ХХ — эл аралык адистештирилген саламаттык сактоо боюнча көргөзмө. Самановдун айтымында, эл назарына саламаттык сактоо тармагындагы алдыңкы технологиялар, жабдуулар коюлат. Россия адаттагыдай эле көргөзмөгө катышууда лидерлик орунда. Бул ирет РФтен 15тен ашык өкүл келмекчи. "Анда продукциялар жана кызматтар тууралуу кенен маалыматтар болот. Медициналык жабдуулар, адистерди, медициналык мекемелерди башкарган кызматкерлерди окуткан ыкмалардын жыйындысы бар", — деп белгиледи Саманов. Өзүнчө бир блок стоматологияга арналып, анда аталган тармак үчүн адистештирилген продукциялар жана чечимдер сунушталат. Тажрыйба алмашууга жана алдыңкы иш-тажрыйбаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулмакчы. Соода өкүлүнүн айтымында, медицина тармагы абдан тез өнүгүүдө, ошондуктан Кыргызстандын адистери заманбап технологияларды билип, үйрөнүшү кажет.Саманов Россия тарап меджабдууларды сатып алууга да көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул жерде кызматташуудагы келечектүү багыт санатордук-курорттук багыт экени айтылды.
Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой эле 5 материал тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүлдү. Жарандар тарабынан берилген арыздын негизинде 417 материалды кароодон баш тартуу чечими кабыл алынды.
Ирандын парламенти коопсуздукту камсыздап жана кемелерди Ормуз кысыгынан акча төлөп өткөрүү маселесин карап жатат. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн парламентинин тышкы саясат, улуттук коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Алаоддин Боружердиге таянып билдирди. "Парламенттин билдиргенине караганда, кысыкта жаңы тартип киргизилет", — деп Боружердинин айтканын Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы таратты. Депутат Иран уруксат беремейин кемелер Ормуз кысыгына киргенге болбостугун белгиледи. Тегеран суднолордун коопсуздугун камсыздап, ары-бери өткөнү үчүн салык алмакчы.
Бишкекте кыргыз-беларусь бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айына Бишкек шаарында пландалып жаткан кыргыз-беларусь бизнес-форумуна карата даярдыктар Беларусь соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен талкууланды. "Бул бизнес-форум Кыргызстан менен Беларустун ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды тереңдетүү боюнча аракеттердин уландысы болуп эсептелет. 2025-жылдын июнь айында кыргыз-беларусь бизнес-форуму Минск шаарында өткөн", — деп белгиледи элчи. Ошондой эле Султанбаев белгилегендей, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштардын бекемделишин эске алуу менен Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү акыркы эки жылда дээрлик эки эсеге өстү.MedExpo көргөзмөсүндө Россия Кыргызстанга медициналык жабдууларды жеткирүүдөн тарта кадрларды даярдап берүүгө чейин, тагыраагы, кеңири кызматташууну сунуштайт. Бул тууралуу Россиянын соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. MedExpo Kyrgyzstan ХХ — эл аралык адистештирилген саламаттык сактоо боюнча көргөзмө. Самановдун айтымында, эл назарына саламаттык сактоо тармагындагы алдыңкы технологиялар, жабдуулар коюлат. Россия адаттагыдай эле көргөзмөгө катышууда лидерлик орунда. Бул ирет РФтен 15тен ашык өкүл келмекчи. "Анда продукциялар жана кызматтар тууралуу кенен маалыматтар болот. Медициналык жабдуулар, адистерди, медициналык мекемелерди башкарган кызматкерлерди окуткан ыкмалардын жыйындысы бар", — деп белгиледи Саманов. Өзүнчө бир блок стоматологияга арналып, анда аталган тармак үчүн адистештирилген продукциялар жана чечимдер сунушталат. Тажрыйба алмашууга жана алдыңкы иш-тажрыйбаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулмакчы. Соода өкүлүнүн айтымында, медицина тармагы абдан тез өнүгүүдө, ошондуктан Кыргызстандын адистери заманбап технологияларды билип, үйрөнүшү кажет.Саманов Россия тарап меджабдууларды сатып алууга да көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул жерде кызматташуудагы келечектүү багыт санатордук-курорттук багыт экени айтылды.Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой эле 5 материал тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүлдү. Жарандар тарабынан берилген арыздын негизинде 417 материалды кароодон баш тартуу чечими кабыл алынды.Ирандын парламенти коопсуздукту камсыздап жана кемелерди Ормуз кысыгынан акча төлөп өткөрүү маселесин карап жатат. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн парламентинин тышкы саясат, улуттук коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Алаоддин Боружердиге таянып билдирди. "Парламенттин билдиргенине караганда, кысыкта жаңы тартип киргизилет", — деп Боружердинин айтканын Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы таратты. Депутат Иран уруксат беремейин кемелер Ормуз кысыгына киргенге болбостугун белгиледи. Тегеран суднолордун коопсуздугун камсыздап, ары-бери өткөнү үчүн салык алмакчы.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/1e/1100514825_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e4162a645e5d61e9f442511db8bbfb20.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио