00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Особый акцент
Климакс без паники: ответы гинеколога на главные вопросы о гормональной перестройке организма
14:06
60 мин
Ачык кеп
Кызматтык иттерди тандоо жана даярдоо процессинде темпраментине, социалдашуусуна көңүл бурулат
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Они следят, чтобы имена не исчезли: как работает поисковое движение «Наша Победа»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Сертификация товаров в ЕАЭС: в Кыргызстане ужесточают контроль над экспертами
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кызматтык иттерди тандоо жана даярдоо процессинде темпраментине, социалдашуусуна көңүл бурулат
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Олко президентинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыгынан чыгуу жана жарандыгынан ажыратуу жөнүндөгү жарлыктарына кол коюлду. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирип жаткандар түзөт.
Кыргызстанда туризм 1 млрд долларлык чекти ашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн туристтик тармагы сапаттуу өсүштү көрсөтүп, улуттук экономикадагы ордун бекемдеди. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1 млрд АКШ долларынан ашып, 1,098 млрд долларга жетти. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га жогору. Министрликтен белгилешкендей, өсүш төмөнкү факторлордун комплекси менен камсыздалды: Кыргызстанды эл аралык деңгээлде активдүү илгерилетүү; туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө сапатын жогорулатуу; туристтик агымдардын географиясын кеңейтүү; ички туризмдин жана региондордогу ишкердик активдүүлүктүн өсүшү.Белгиленгендей, учурда туристтик тармакта болжол менен 129 миң чарба жүргүзүүчү субъект иш алып барууда. "Кыргызстан Борбор Азиядагы атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик багыт катары өз позициясын бекемдөө боюнча стратегиялык курсун ырааттуу ишке ашырууда. Негизги артыкчылыктуу милдеттердин катарына жыл бою иштеген туризмди өнүктүрүү, тармакты санариптештирүү, жаңы туристтик продукттарды түзүү жана эл аралык кызматташууну күчөтүү кирет", - деп белгилейт министрлик.
Бишкек менен Гуанчжоунун ортосунда ачылган каттам ишин баштап, "Манас" эл аралык аба майданына Кытайдан 134 жүргүнчү келип конду. Бул туурасында аталган аэропорттон кабарлаштыАл эми Гуанчжоуга кайра 104 киши учуп кетти. "Манастан" бул каттамдын жүргүнчү ташууда да, жүк жеткирүүнү өнүктүрүүдө да мүмкүнчүлүгү жакшы экендигин белгилешкен.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарына жакыр өлкөлөрдөн жалданма аскер тартууга өттү, алар кесипкөй жоокер эмес. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди."Азыр көңүл жакыр мамлекеттерге бурулду. Ал жактарда адамдар акча үчүн ушундай иштерге макул болушууда. Профессионал жалданма аскерлерден көрө муктаж болгон, кандай жол менен болбосун акча табууга даяр адамдарды тартуу тенденциясы пайда болду. Бул категорияга, мисалы, колумбиялыктар жана бразилиялыктар кирет", — деди Мирошник.Анын айтымында, бул өлкөлөрдөн келген адамдар көп учурда алдоо жолу менен Украина Куралдуу күчтөрүнө тартылып жатат.Россиянын Коргоо министрлиги буга чейин бир нече жолу Киев чет өлкөлүк жалданма аскерлерди "замбирекке жем" катары колдонуп жатканын билдирген. Ошондой эле россиялык аскерлер аларды Украинанын аймагында жок кылууну улантарын айтышкан. Акча үчүн согушка ыктыярдуу келген айрым адамдар маектеринде украин аскерлери алардын аракеттерин начар координациялай турганын, ал эми салгылашта аман калуу мүмкүнчүлүгү аз экенин моюнга алышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0