Кытайдын Тяньцзинь шаарында 10-мааракелик дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жатат. Ага 90 мамлекеттен өкүлдөр келген. Экономикалык форумдун алкагында КРдин премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы да катышууда.
Аталган форум алгачкы жолу 2007-жылы уюштурулуп, ошондон бери жыл сайын өтүп келет.