00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкекте экология жана санитардык көзөмөл: эки айлыктын алкагында иштер
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Студенты, квоты и ЕАЭС: как устроено обучение кыргызстанцев на Урале в 2026 году
16:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Калькулятордон да ылдам эсеп чыгарган окуучу кыздар
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ближний Восток и цены на билеты: что будет с турсезоном в Кыргызстане
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как вступить в наследство в Кыргызстане и не потерять квартиру: гайд от юриста
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкекте экология жана санитардык көзөмөл: эки айлыктын алкагында иштер
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунун биринчи этабын быйыл жыл аягына чейин аяктоо пландалууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, бул убакытка чейин "Жыргалаң" шаарчасында бир нече чакырым асма жолдор курулуп бүтөт. Планга ылайык, "Жыргалаң", "Ак-Булак" жана "Боз-Учук" курортторун кошкондо жалпы узундугу 250 чакырымга жакын лыжа трассалары курулат.Анын пикиринде, "Ала-Тоо Резорт" долбоору толугу менен ишке ашкандан кийин 7 миңге жакын жумуш орду түзүлөт. Курорттор жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат. "Жыргалаң" шаарчасында 5 жылдыздуу отелдер, Скандинавия стилиндеги мейманканалар, VIP-коттедждер, этношаарчадагы үйлөр сыяктуу объектилер болот. "Биринчи аукциондогу лоттордун баарын жергиликтүү инвесторлор утуп алышкан", — деди ал.Эске салсак, долбоорду ишке ашырууну жеке көзөмөлүнө алган президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо Резорт" долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн туризми жана экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп келет.
VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсы өлкөдө өтөрү жакынкы 1-2 айдын ичинде жарыяланат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди. Анын айтымында, VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башка өлкөдө өтөрү пландалып, учурда 3-4 өлкөдөн көчмөндөр оюндарын өткөрүү ниетин билдирген билдирүүлөр келген. "VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 5 ай убакыт калды. Белгилүү болгондой, 2025-жылы 100 өлкөгө чакыруу кагазын жөнөткөнбүз. Азыркы күндө 50гө жакын өлкөдөн катышарын билдирген каттарды алдык. Негизи 90дон ашык өлкөнү кабыл алабыз деп күтүп жатабыз. Уюштуруу комитети ишинин финалдык этабына өтүп, күндүн жылышы менен инфраструктураны оңдоп-түзөө иштерине өтүүдөбүз. Көчмөндөр оюндарынын жүрөгү болгон Кырчын жайлоосунда этношаарча болот. Этношаарчаны жаңыча жасап, концепциясын иштеп чыгып, уюштуруу комитети бекитти. Азыркы күндө режиссердук топ, архитекторлор жана курулушчулар ишке даярданып, аба ырайынын жылышы менен иштерин баштоо алдында турат. Этношаарчаны ачуу 2-сентябрга белгиленген", — деди Аденов. Ошондой эле ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө жаңы локациялар кошулбагандыгын, иш-чараны өткөрүүгө инфраструктура даяр экендиги маалымдалды.Ал ошондой эле бир гана Чолпон-Атадагы ат майданында чакан оңдоо иштери жүргүзүлөрү пландалып жатканын кошумчалады.**Европа мамлекеттеринин күн тартибинин сап башында Украина темасынын ордуна газ, бензин, электр энергиясы үчүн төлөм маселелери болуп калды. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айткан. "Азыр европалыктардын биринчи номердеги темасы Украина болбой калган, анын ордунда газ, бензин жана электр кубатына кантип каражат төлөө маселеси чыкты", — деген ал журналист Павел Зарубинге.
Жаңылыктар түрмөгү
0