БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эл аралык "Жайкы Давос — 2016" экономикалык форумуна катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим Жээнбековдун Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ци Даю менен жолугушуусу учурунда кабыл алынды.
Премьер-министр иш-сапарынын алкагында Кытай өлкөсүнүн мамлекеттик кеңешинин жетекчиси Ли Кэцян менен жолугат. Өз кезегинде премьер-министр чакыруу үчүн ыраазычылык бидирди.
Элчи Ци Даюй Жээнбековдун иш сапары эки өлкөнүн кызматташуусун чыңдай турганын кошумчалады.
"Жайкы Давос — 2016" экономикалык форуму үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында Тяньцзинь шаарында өтөт.