https://sputnik.kg/20260323/1100382372.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Баткенде ири инфраструктуралык объектилердин курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн өкүл Мамыржан... 23.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-23T15:00+0600
2026-03-23T15:00+0600
2026-03-23T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/17/1100382206_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5dda9f5a4169137c98d622634a3ad127.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Баткенде ири инфраструктуралык объектилердин курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн өкүл Мамыржан Рахимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен шаарында курулуп жаткан бир катар ири инфраструктуралык объектилердин курулуш иштери менен таанышты. Алгач алар 10 миң орундуу заманбап стадиондун курулушу менен таанышты. Бул стадион аймактагы спортту өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзмөкчү.Андан соң Чет-Булак кварталындагы муниципалдык базардын курулушу менен таанышты. Заманбап шарттары бар бул долбоор сооданы иретке келтирүүгө жана аймактын экономикасын көтөрүүгө багытталган.Ошондой эле МИК тарабынан ишке ашырылып жаткан, калкты жеткиликтүү жана заманбап турак жай менен камсыз кылуучу ири "Асман-1" комплексинин курулушу менен таанышты.**Барскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер өтмөк курулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141-216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери кызуу уланууда. Подрядчы компания тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады. "Азыркы тапта жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, 2025-жылы Барскоон – Каракол унаа жолунун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген. Долбоордо 5 көпүрөнү куруу, 8 даана жер алдынан өтүүчү өтмөк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Курулуш иштери 2025-2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү – 5 жыл.**Саха Республикасынын (Якутия) хапсагай улуттук күрөшү алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына расмий түрдө киргизилди. Бул тууралуу ДКОнун эл аралык катчылыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ДКОнун эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбеков Саха Республикасынын дене тарбия жана спорт министри Леонид Спиридонов менен жолугуп, тараптар спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу маданият багытындагы кызматташтыкты талкуулашты. Кыргыз тарап өнөктөштөрдү хапсагай улуттук күрөшүнүн VI Көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилиши менен куттуктады. Ошондой эле мас-рестлинг 2016, 2018 жана 2022-жылдары оюндардын программасына киргендиги жана 2026-жылы кайрадан киргизилгени белгиленди.
АКШ Жакынкы Чыгыштагы мындан аркы окуяларды төрт түрдүү сценарий менен улантышы мүмкүн, бирок алардын бири да Вашингтонго пайдалуу болбойт. Бул туурасында Economist журналы жазды. АКШнын президенти Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдү баштоого аракеттениши, аймактан аскерлерди чыгарып кетүүгө буйрук берип, азыркы багытын улантышы же чыңалууну күчөтүүгө барышы ыктымалдыгы айтылды. Басылманын божомолунда, ылайыктуу делген варианттын жоктугу алардын кадамдарынын бири да ийгиликтүү болбойт дегендик. Журналдын маалыматына ылайык, кармашты токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү ишке ашпачу сценарийдей көрүнөт, мында ортомчуну аныктоодо эле ээрден кыйшайышы мүмкүн. Ошол эле учурда, мисалы, чектөөлөрдү жумшартуунун ордуна Ирандын өзөктүк программасына жарым-жартылай санкцияны караган келишим жетишсиз болуп калышы ыктымал.
Баткенде ири инфраструктуралык объектилердин курулушу уланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн өкүл Мамыржан Рахимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен шаарында курулуп жаткан бир катар ири инфраструктуралык объектилердин курулуш иштери менен таанышты. Алгач алар 10 миң орундуу заманбап стадиондун курулушу менен таанышты. Бул стадион аймактагы спортту өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзмөкчү.Андан соң Чет-Булак кварталындагы муниципалдык базардын курулушу менен таанышты. Заманбап шарттары бар бул долбоор сооданы иретке келтирүүгө жана аймактын экономикасын көтөрүүгө багытталган.Ошондой эле МИК тарабынан ишке ашырылып жаткан, калкты жеткиликтүү жана заманбап турак жай менен камсыз кылуучу ири "Асман-1" комплексинин курулушу менен таанышты.**Барскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер өтмөк курулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141-216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери кызуу уланууда. Подрядчы компания тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады. "Азыркы тапта жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, 2025-жылы Барскоон – Каракол унаа жолунун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген. Долбоордо 5 көпүрөнү куруу, 8 даана жер алдынан өтүүчү өтмөк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Курулуш иштери 2025-2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү – 5 жыл.**Саха Республикасынын (Якутия) хапсагай улуттук күрөшү алдыдагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына расмий түрдө киргизилди. Бул тууралуу ДКОнун эл аралык катчылыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ДКОнун эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсөнбеков Саха Республикасынын дене тарбия жана спорт министри Леонид Спиридонов менен жолугуп, тараптар спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу маданият багытындагы кызматташтыкты талкуулашты. Кыргыз тарап өнөктөштөрдү хапсагай улуттук күрөшүнүн VI Көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилиши менен куттуктады. Ошондой эле мас-рестлинг 2016, 2018 жана 2022-жылдары оюндардын программасына киргендиги жана 2026-жылы кайрадан киргизилгени белгиленди. АКШ Жакынкы Чыгыштагы мындан аркы окуяларды төрт түрдүү сценарий менен улантышы мүмкүн, бирок алардын бири да Вашингтонго пайдалуу болбойт. Бул туурасында Economist журналы жазды. АКШнын президенти Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдү баштоого аракеттениши, аймактан аскерлерди чыгарып кетүүгө буйрук берип, азыркы багытын улантышы же чыңалууну күчөтүүгө барышы ыктымалдыгы айтылды. Басылманын божомолунда, ылайыктуу делген варианттын жоктугу алардын кадамдарынын бири да ийгиликтүү болбойт дегендик. Журналдын маалыматына ылайык, кармашты токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү ишке ашпачу сценарийдей көрүнөт, мында ортомчуну аныктоодо эле ээрден кыйшайышы мүмкүн. Ошол эле учурда, мисалы, чектөөлөрдү жумшартуунун ордуна Ирандын өзөктүк программасына жарым-жартылай санкцияны караган келишим жетишсиз болуп калышы ыктымал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/17/1100382206_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e4a8529fde146fe1f6e8e1044b070608.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио